Кара-Балтадан төрт өспүрүм магазин тоношуп, 8 миң доллар жана 76 миң сом алып кетишкен

Кара-Балтадан төрт өспүрүм магазин тоношуп, 8 миң доллар жана 76 миң сом алып кетишкен. Бул тууралуу Чүй облусунун ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Бул жаш балдар башка дагы кылмыштар боюнча шектелүүдө.

Алар түн ичинде банкоматты талкалаганга аракет кылып, бирок белгисиз себептерден улам ишин аягына чейин чыгарышкан эмес. Андан соң дүкөндүн эшигин талкалап киришип, 8 миң доллар жана 76 миң сомду алып кетишкен. Шектүү деп эки 17 жаштагы жана эки 16 жаштагы өспүртүмдөр колго түшүрүлдү.

2002-жылы туулган К.А. аттуу бирөөсү убактылуу жайга киргизилди. Ал ушул сыяктуу башка кылмыштар боюнча да текшерилип жатат. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *