Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургундарынан Президентке Ачык кат

Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургундарынан Ачык кат.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, биз бир айылдын эли, бир жоон билек үй-бүлөнүн алдында садака чабылган кезибиз, же бай-манаптардын заманы келдиби? Демократиянын принциптерине ылайык, биздин укуктарыбыздын, мыйзам баарына бирдей иштейт деген дыкан ишеничибиздин кепилдиги өзүңүз Алмазбек Шаршенович. Кыргыз журтун ыйманга, адепке чакырып, өнүгүү стратегияларын иштеп чыгып, биз “Эгемен кыргыз элбиз” деп ураан чакырып турабыз, сизди татыктуу жол башчы, амир катары чын ниет менен колдойбуз. Анткен менен бир үй-бүлө областты, районду, мамлекеттик деңгээлде соттук процесстерди, тергөө маселесин, ар кандай жалаа жабуу амалдарын кылып элди суракка алдырып, өздөрүн эркин толук боштондукта алып жүргөнү, мыйзамды камырдай жууруп жатса, акыйкат, адилеттүүлүк менен ант ичкен сот органдары жууруп жатпайбы. Мыйзам ошол соттор, Султаналиевтерге окшогон бийлик, мансап менен ооруп элди эзүүдөн ырахат алган тажаалдар үчүн элди азапка салуу курал катары колдонуу максатында жазылганбы? Акчаң барбы алың жеткенди баса кал? Акчаң жокпу тынч отур!!! Азыркы заман кыргыз да байдын заманы, акчанын заманы парага тоюп алып элди эзген соттордун заманы! Азыр биз суроо беребиз өзүбүзгө —“ Биз кимбиз?” деп. Жоопту көп күттүрбөй угабыз мусапыр, акчасыз, бийликсиз кыргыз элинин санын толуктоо үчүн жаралган бир макулуктарбыз, биз шайлоодо гана керекпизби деген жоопту суроо менен алабыз. Сиз эл башы, амирибиз, Президентибиз Алмазбек Шаршенович сиз бизди баштап турган кезде чыркырап туулуу элдин тукуму болгон Көк-Сай эли чыркырайт…

Эмнеге чыркырайбыз? Жоон билек күчтөн коргонуп райондук инстанциялардан башталган кайрылуулар, арыздар жогорку инстанцияларга (Генералдык Прокуратура, ЖК спикерине, фракция лидерлерине, ГКНБ ж. б) чейин жетти, баары билет, көргөн бирок көздү жумушат. Бул эмне? НТС телеканалынын журналисттери келип журналисттик иликтөө жасап аудио фактылар менен далилденген чыркыраган чындыкты эфирге беришкен. “Азаттык” теле каналы, АКИПРЕСС байма-бай бул үй-бүлөнүн кылык жоруктарын баарын көрсөтүштү. Бул деген чындык асманда, жетчү тепкичи акчада дегенди түшүндүрөт.

Урматтуу президент Алмазбек Шаршенович, сиздин көңүлүңүздү төмөнкү окуяларга бурсак, тагыраак айтканда Султаналиевдердин үй-бүлөлүк айылга кылган зордук- зомбулугу, рейдердик басып алуулар, адамдын ден соолугун айруу, майып кылуу, адамдын убалына калуу булар үчүн түшкү тамак ичкен менен барабар. Султаналиевтердин үй-бүлөсүнүн ээси Султаналиев Зарылбек, айылыбыздын аксакалы Кулбаев Кадыркулду:- “Сага сакал койгонго ким уруксат берди. Мен уруксат берсем сүннөт коёсуң, намазынды окуйсуң” деп сабап салган. Алла Талла жолунда Пайгамбар жашка жеткен Кулбаев Кадыркул аксакал 63 жашта. Алма сабагынан алыс түшпөйт дегендей төрт баласы жоон билек күч менен бир далай элге кордук көрсөттү. Эки баласы бандит Бакиевтердин убагында уюшулган кылмыштуулуктун “чёрный”лардын доорунда доор сүргөн баласы Элдияр Көк-Сай айылынын “смотрящийи” болгон, экинчиси Эрнис Султаналиевтин даражасы айылыбыздын так ортосундагы Чек ара заставадан Калашников автоматын эч кандай тоскоолдуксуз алып чыгып, теңтуш баласынын тоюнда аткылап, келген кудагыйлардын оозун ачырып, жүрөгүнүн үшүн алган. Коңшу айылга барып элдерди кууп баштарынан ашыра аткылаган. Аскердик заставадан эч тоскоолдуксуз кирип бал муздак алгандай автомат алып чыгуу бул үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүктөрүн тастыктап турат. Айылыбыздын тургуну Батырбеков Максатты өзгөчө мыкаачылык менен сабап жаактарын талкалаган, башынан өтө оор жаракат алган.

Батырбеков Максат бүгүнкү күндө да ооруканалап даарыланып жүрөт, тактап айтканда 30 жаштагы баланы майып болуп калышы жан дүйнөнү өрттөп күйгүзүп, ызалантат. Тергөө башталган кезде врачтардын заключенияларын, экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык КР КЖПКнин 104-статясынын 2-пункту менен кылмыш иши козголгон. Тергөө аяктап жакында сот процессинде Кара-Буура райондук соту Акунов Токтогул Букарбаевич 5-жылга соттоп ошол замат сот залынан мунапыс берип бошотуп салды. Эми камырдай жуурулган мыйзамдар ушул жерде КР КЖПКнин 104-стьясынын 2-бөлүгү менен ачылган кылмыш иши 167-статьяга оңой которулуп кеткен. Бул камырды ким жууруду деген суроо туулат, буну тергөө ишин алып барган Султаналиев Зарылбектин бир тууган агасынын күйө баласы Нурсеитов Рыспек аттуу тергөөчү болуп чыкты. Бул тергөөчү моралдык жана профессионалдык жактан бул ишти алып барууга укугу жок эле. Кайнагасы шектүү деп табылып атса бир тууган күйө баласы ал ишти тергегени Султаналиевтердин дагы бир мүмкүнчүлүгү. Эми өзүңүз элестетиңиз, бул үй-бүлө өзгөчө жаралганбы? Султаналиев Зарылбектин кээ бир жолуккан айыл тургундарына акарат кылып: -Силер кол салганды билбейт экенсиңер, менин балдарым камалбайт, камалса 3-4 кишини өлтүрүп анан камалат деген аудио запистер бүгүнкү күндө далил болот. Бул үй-бүлө мамлекеттик жер фондунан жерлерди, АРИСтин колдоосу менен долбоор аркылуу келген айыл өкмөтүнүн балансындагы мончону менчиктеп, кошуналары өткөн жолдорду жаап салып үй-там курган. Айылыбыздын жогору жагында жайгашкан элдин чөп чабыкка бөлүнгөн жерлерин малый каптатып, жоон билек балдары суу бербей 10 гектар жерди басып алышкан. Эми сөздү кыскартсак. Булардын баардык мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгы эзилген эл. Баардык кылмыштарын жазсак бир роман болот. Бул романдын башкы каарманы Султаналиева Байыскан десек жаңылышпайбыз. Себиби 5-декабрдагы Көк-Сай маданият үйүндө бул үй-бүлөнү элге болгон адилетсиз кылык жоруктарын токтотуусун талап кылган элге акарат кылып, коркутуп:- Биз эмне элге жамандык гана кылыптырбызбы, эмне Эмирландын кылган жашылыктарын унутуп калдыңарбы. Чөп (кара куурай) менен кармалган балдарды бошотуп алчы эле го деп Султаналиева Байыскан өз баласынын кара куурай менен аралашып жүргөнүн далилдеп берди. Эмирлан Султаналиев НИМ кызматкери капитан наамындагы офицер. Бул баласы Султаналиевтердин башкы устуну ал өз убагында жогорку кызматтагы адамдарды кайтарып жан сакчы кызматын аркалаган мезгилдин талабына ылайык тааныш, билишти арттырган. Эмирлан аттуу уулу бул үй-бүлөнүн кылмыштарын жаап, жашырып бүтүрүп келген. Эки уулу ИИМ кызматкери, эки уулу бандит ишенген Байыскан Султаналиева өзгөчө ыкма менен шайлоого катышып, айылдык кеңештин эки жолку депутаты болгон. Кандай ыкма десек жоон билек үч баласы урналардын жанында туруп карап турушкан шайлоого келген жаш балдар Султаналиева Байысканга добуш беришип андан кийин келип аларга көрсөтүшүп урнага ташташкан. Бул жорукту шайлоо комиссиясы көрмөксөн кейпин кийишкен. Быйылкы болгон шайлоо таза өтүп, жогорудагы жоруктарына жол беришпегендиктен, 2600 шайлоочунун 60-добушуна ээ болду. Шайлоонун жыйынтыгы бул үй-бүлөгө айыл элинин көз карашын, мамилесин тастыктады.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович биздин сизден суранарыбыз бул ишти өз көзөмөлүңүзгө алып, ИИМнен тергөө бригадасын жөнөтүүңүздү, сот органдарынын мыйзамдуу иштешин көзөмөлдөп, Султаналиев Эмирланды ИИМдин структурасынын кетүүсүн суранабыз жана элдин мыйзам баарыбызга бирдей иштерин, сизге терең ишенүү, урматтоо менен Көк-Сай эли.

Көк-Сай элинин атынан Көк-Сай айылдык аймактык кеңешинин 11 депутаты кол койгон:

1. Жаманкулов Алымкул айыл.кен.төрагасы

2. Салыбеков Талгат айыл.кен.төрагасынын орунбасары

3. Касымбеков Эмил айыл.кен.депутаты

4. Боронбаев Кыйрабек айыл.кен.депутаты

5. Кылычбаева Бурултай айыл.кен.депутаты

6. Аскарбеков Аскат айыл.кен.депутаты

7. Садыралиев Эржан айыл.кен.депутаты

8. Мискенбаев Канат айыл.кен.депутаты

9. Султанов Курман айыл.кен.депутаты

10.Барпиев Максатбек айыл.кен.депутаты

11. Курманкулова Рахат айыл. кең. депутаты

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *