Кара-Көл шаарынан бир киши 4-кабаттан кулап каза болду

Жалал-Абад ИИБиси билдиргендей Кара-Көл шаарынын тургуну, 56 жаштагы Е.С. 11-январда үйүнө түнкү бирлерде келип, батиринин ачкычын жоготуп, балкондон киргенге аракет кылып, 4-кабаттан кулап кеткен. Алган жарааттарынан окуя болгон жерде каза болгон.

Коңшуларынын айтымында Е.С. ал күнү тойго барып, түн оокумда келген, үйүндө эч ким болгон эмес.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *