Кара-Көл шаарында эки жигит отун талашып, бири экинчисин өлтүрүп салган

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 1991-жылы туулушкан М.К. менен Т.С,нын ортосунда 16-октябрда отундун айынан мушташ чыккан. Алган жарааттардан улам Т.С. шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө келип түшкөн.

20-октябрда катуу абалдагы жигитти Бишкекке которушуп, операция жасашкан. Бирок жигит эсине келбей, каза болуп калды. Бул кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертизага жиберилди. Өзүнчө юридикалык баа берилмекчи.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *