“Кара-Суу базарындагы” кара тактар

“Кара-Суу базары” Кыргызстанга эле эмес, Орто Азия өлкөлөрүнө таанымал базарлардын бири. Тээ Советтик мезгил учурунда эл муктаждыгын камсыздоо максатында уюштурулган бул базардын айланасындагы чырдын башталганына кеминде 15 жылга аяк басты. Бул базарды кыргыз эли айтылуу балбан, Жогорку Кеңештин депутаты болгон раматылык Баяман Эркинбаевдин базары деп тааный турганын белгилей кетели. Биз “Кара-Суу базарынын” айланасындагы чечилбей келаткан маселеге кайрылып, “Базардын мыйзамдуу ээси ким? Талаш кайдан жаралды?” деген суроолорго жооп издеп, кыргыз фемидасындагы бир маселеге чекит коё албаган контрасттар жөнүндө сөз кылабыз.

Алгач, “Кара-Суу базарынын” түптөлүүсүндөгү тарыхый документтерди тактоо үчүн Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдигине кайрылып, анын төрагасы Бектемир Ражаповго суроолор менен кайрылдык.

— Бектемир мырза, “Кара-Суу базарын” Ош облустук керек-жарак коомдор жана кооперативдер биримдиги түзгөн экен. Бул базар канчанчы жылы түзүлгөн? Силердин карамагыңарга кандай документтер менен өткөрүлгөн?

— “Кара-Суу базары” 1987-жылы 5-майдагы Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук Комитети жана Кыргыз ССР министрлер Советинин токтому менен бизге өткөрүлүп берилген. Биз ошондон баштап 1993-жылга чейин 3,5 млн акча сарптап “Кара-Суу базарын” курганбыз. “Кара-Суу базарынын курулушу 1985-жылы башталган. Бирок, бүткөн эмес. 1991-жылы Союз ыдырап, ар мамлекет өз алдынча болуп, экономика алсырап, өндүрүш иштебей калгандан кийин, баары базарга барып калышкан. Ошондо министрлер совети кайрадан “Бул базарды өзүбүзгө алып коёбуз” деп көз арта баштаган. 1995-жылы ошол кездеги премьер-министр Апас Жумагулов “Кара-Суу базары” Ош облустук керек-жарак коомунуку деп өзү кол коюп, токтом чыгарган. 1996-жылы декабрь айында Ош облустук администрация өзүнүн токтомун чыгарып, алар дагы “Кара-Суу базары” Ош облустук керек-жарак коомунуку деп тааныган. 1996-жылы бүт мүлктөрдү юридикалык жактар Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүшү керек эле. Биз 1999-жылы “Кара-Суу базары” жоопкерчилиги чектелген коом, уюштуруучусу Ош облустук керек-жарак коому деп түзгөнбүз.

Демек, “Кара-Суу базарынын” кожоюну жана уюштуруучусу Ош облустук керек-жарак коому болгондугу, тиешелүү токтомдор, документтер менен далилденет. Алар сот тарабынан жокко чыгарылган эмес. Бүгүн да мыйзамдуу күчүндө турат.

Эми, “Талаш маселе качан жана кантип башталды?” деген суроого келели.

— Бектемир мырза, силер базарды кайсыл жылы сатып жатасыңар? Баяман Эркинбаев базарды мыйзамдуу түрдө сатып алганбы? Азыркы күндөгү талаш качан башталып жатат?

— “Кара-Суу базарында” базаркомдордун начар иштегениненби, булар салыктан карыз болот, ошондо биз “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомго мыйзамдын негизинде, чогулуш кылып сатканбыз. Ошол маалдагы акча менен 4,5 же 5 млн сомду биздин кассага төлөп, алар өткөрүп алган. 2005-жылга чейин базар “Кыргыз соода биримдигинин” карамагында болуп, алар курулуш кылып оңдошуп, иштетип келишкен. 2005-жыл март айындагы революциядан кийин сентябрь айында раматылык Баяманды аткандан кийин кайдан-жайдан дагы бир документ чыккан. Ал документ ошол жерде мурун базарком болуп иштеген Осмонов Жолборс дегенге башкармалыктан токтом чыккан экен. Ошол токтомдун негизинде доо коюшуп, 5 жылдан кийин “Элдик базар” деп соттун биринчи чечимин чыгарышат. Андан кийин 2006, 2007-жылдары соттошуп, соттун чечими менен өкмөткө өткөрүлөт.

Маалым болгондой, Ош облустук керек-жарак коому “Кара-Суу базарын” 2000-жылдын 16-октябрында мыйзамдын чегинде “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коомуна саткан болсо, экинчи токтом качан пайда болду? Арадан 5 жыл убакыт өткөндөн кийин Ош шаарынын Жолборс Осмонов аттуу тургуну Кара-Суу райондук сотуна 2005-жылдын 28-июлунда доо арыз менен кайрылат. Арыз ээси Осмонов “Ош облустук керек-жарак коому 2000-жылдагы сатуу-сатып алуу бүтүмү менен менин мүлккө болгон укугумду бузду. Себеби, 2004-жылы 21-сентябрдагы № 183-токтому менен мага саткан 1,84 га жер аянты “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын менчигине кошо катталып кеткен. Андыктан, 2000-жылдагы сатуу-сатып алуу келишимин жараксыз деп таап бергиле” деген талапты койгон.

Бир эле базарды эки кишиге сатып, Ош облустук керек-жарак коому көз боёмочулук кылганбы?- деген суроого, жетекчилик архивдик документтердин негизинде Жолборс Осмоновго “Кара-Суу базарындагы” жер тилкесин бекер берүү жөнүндөгү № 183-токтом катталып тургандыгын, бирок ал мыйзамсыз экендигин, керек-жарак коомунда жалпы жыйын өтпөгөндүгүн, жыйындын протоколу жок экендигин айтат.

Баарынан кызыгы мында турат, Осмонов сотко жазган арызында № 183-токтом менен 1,84 га жер аянты мага сатылган дейт. Ал эми керек-жарак коомунда каттоодо турган токтомдо бекер берилсин деп жазылып турат. Коёндой окшош эки токтомдун биринде дагы 1,84 га жер аянты көрсөтүлгөн эмес. “Тоок биринчиби же жумурткабы?” деген баш айлантмадай, бир күндө, бир номур менен чыккан эки токтомдун кайсынысы алгачкы жаралгандыгын да тактоо мүмкүн эмес.

Буга карабай Кара-Суу районунун судьясы Т. Суранбаев 14-сентябрь 2005-жылдагы чечими менен Жолборс Осмоновдун доо арызын канааттандырып, 2000-жылы “Кыргыз соода биримдигине” сатылган сатуу келишимин жокко чыгарып, “Кара-Суу базарынын” мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүп берген. Бул жерде сот Т. Суранбаев доо арыз талабынын чегинен чыгып, сот адилеттигине шек келтирген аракет жасап, мыйзамсыз чечим чыгарган. Ага карабай, Ош облустук сотунун коллегиясы Т. Суранбаевдин чечимин күчүндө калтырып жаткандыгы, Жолборс мырзанын артында кызыкдар көп жолборстор тургандыгын айгинелеп турган жокпу? Анткени, сатуу келишими жокко чыкса, мыйзам боюнча базар баштапкы калыбына, тактап айтканда Ош облустук керек-жарак коомуна өтүш керек эмес беле?

Эл арасында Баямандын базары деп таанылган “Кара-Суу базарындагы” талаш башталган 2005-жылдын күзүндөгү тарыхый окуяларга көңүл буралы:

Кара-Суунун соту Т. Суранбаев 2005-жылдын 14-сентябрында базарды мамлекеттин менчигине өткөрүп берген мыйзамсыз чечимин чыгарса, 19-сентябрда Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Азимбек Бекназаров кызматынан алынган. Арадан 2 күн өтүп, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, айтылуу балбан Баяман Эркинбаев атып өлтүрүлгөн.

2005-жылдагы март революциясынан кийин башкы прокурор болуп, “Кара-Суу базарындагы” мыйзамсыз иштерди жакшы билген Азимбек Бекназаров 2016-жылы жарык көргөн “Мен-Кыргызмын” аттуу китебинин биринчи томунда ал кездеги окуяларды мындайча эскерет:

“… Бакиевдер тымызын Баяманды «алсыратуу” үчүн ага каршы Кара-Суу базарына байланыштуу иштерди уюштура баштады. ..

Баяман менен Бакиевдердин, айрыкча Жаныш Бакиевдин ортосунда “түштүккө ким кожоюн” деген тирешүүнүн күндөн-күнгө чыңалып баратканы боюнча эл арасында айтылып жатты. Ж. Бакиев мурда Баямандын жанында жүрүшкөн же, тактап айтканда, Баямандан алдыга чыга албай жүрүшкөн Мелис Мырзакматов, Алманбет Анапияев, Абдалим Жунусов, Кушбак Тезекбаевге окшогон жергиликтүү элге белгилүү, кадыры бар, “Баяманды Баяман кылган бизбиз” деген жигиттерди акырындан өзүнө тарта баштайт. Бийлик, күч кайда болсо, ошол жакка ооп, оокат кылмайга үйрөнүшкөн азаматтар Чолпон Баекованын ишеничине кирип, анча-мынча өзүм билемдик кылып жүргөн Баямандан оомат кете баштаганын, оомат Бакиевдерге ооп баратканын сезишип, Баямандан ачык эле оолакташып, Жаныштын айтканына көнө башташат. Жаныш Баяманга каршы Кара-Суу базарын, Оштогу “Алай” мейманканасына байланыштуу ызы-чууга башка да адамдарды тартат.

Баяман башында анча сыр бербей жүрдү. Бирок күндөн-күнгө анын айланасында жүрүшкөндөр андан оолактай башташты. Баяманга каршы митинг, акцияларды өткөрүүдө түштүктүн эле “тентектерин” колдонбой, “Рысбекти да колдонуп жатыптыр” деген сөз тарап калды. Оперативдик маалыматтар боюнча, Кара-Суу базарына байланыштуу мурдагы соттун чечимдерин жокко чыгартып, судьялардын үйлөрүнө автоматчан кирип барышып, даяр токтомдорго коркутуп кол койдуруп жатыптыр деген сөздөр чыкты. Кара-Суу базарында Баяманга каршы жүздөгөн адамдар митингге чыкканы жөнүндө, ага каршы кылмыш ишин козгоо талабы коюлганы айтылды. Бирок эч кимден расмий арыз түшкөн жок. Ал жөнүндө Кара-Суу районунун прокурору А. Сөлпиевден сурасам: “Түшүнбөй калдык, күндө эле ызы-чуу, биз текшерип жатабыз десек деле уккан киши жок” — ​деди.

… Көп өтпөй Баяман телефон чалып: “Азим аке, алар эми мени сөзсүз өлтүрөт, эмне кылсам, сизден кичине айбыгышып турчу эле, эми эч кимден коркпойт, өз билгендерин кылат” — ​деди. Мен ага — ​Баяман, өлтүрөт деп корксоң, аны билсең, акчаң бар, чет өлкөгө качып кетпейсиңби — ​дедим. Бул экөөбүздүн акыркы жолу сүйлөшкөнүбүз болду. Көп өтпөй Баяманды Бишкекте бир үйдөн чыгып келе жаткан жерден атып кетишти…

Баямандын өлтүрүлүшү менен Бакиевдер түштүк регионунда, Кара-Суу базарында, Ошто толук “теневой” бийликти, экономиканы да колго алды. Мелис, Кушбак, Алманбет ж. б. — ​Жаныштын Оштогу ишенимдүү адамдарына айланды…”

Азимбек Бекназаров,

“Мен- Кыргызмын” III китеп I том, “Турар”,  Бишкек — ​2016

 

Керек-жарак коому өзүнүн менчигиндеги базарды мыйзам чегинде саткандан 5 жыл өтүп, жасалма токтомдордун чыгып жаткандыгы, акыркы мезгилде Кыргызстанда кеңири жайылтылып бараткан мүлктү рейдерлик жол менен тартып алуунун айкын далили болуп турат. Ал эми сот адилеттиги мыйзамды бурмаламак турсун, өзү мыйзамсыздыкка шыкакчы болуп жаткандыгына эмне дейбиз?

Өлкөнүн Жогорку сотунун К. Акназарова башында турган соттук коллегиясы2007-жылдын 2-марттагы токтому менен баштагы сот актыларын өзгөртүп, “Кара-Суу базары” ЖЧКсынын мүлк комплексин “Кыргыз соода биримдигине” өткөрүп берген. Ошентип, “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсы 2000-жылы 5 млн 21 миң 300 сомго сатып алган мүлктүк менчик укугу калыбына келет. Бирок, бул убактылуу гана көрүнүш болот.

Арадан көп өтпөй “Кара-Суу базарына” көз арткан топ пайда болуп, рейдерлик баскынчылыктын экинчи этабы башталат. “Кара-Суу Эл базары” деген аталыштагы мамлекеттик ишкананын директору Усенов Манас Тураталиевич базарга эч кандай тийешеси жок болуп туруп, базарды талашкан жагдайы да кызыктуу.

Манас Усеновдун базарда мүлкү болгонбу? Ал мурун базар талаш болгон соттук процесстерге тарап болуп катышканбы? Качан бул фигура пайда болуп калды? — ​деген суроолор менен “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын өкүлү Анарбай Эргешовго кайрылганыбызда, ал төмөнкүдөй жооп берди.

— 2008-жылы сот мамлекетке өткөрүү чечимин алып салып, мамлекеттик ишкана түзүп эле, кайдан-жайдан пайда боло калган Манас Усеновдун пайдалануусуна берип салган.

— Манас Усенов сотко кайрылганда жеке тарап болуп кайрылганбы же юридикалык тараппы?

— Манас Усенов тарап эмес, базарда мунун мүлкү болбогон. Сотко Жолборс Осмоновдун эле доо арызынын негизинде кайрылып эле, базарга ээлик кылып алып жатпайбы.

Манас Усенов ары-бери баш оорутуп олтурбай эле, дароо Жогорку сотко жаңы ачылган жагдайлар боюнча арыз келтирип, Жогорку соттун 2-март 2007-жылдагы токтомун бузуп, Кара-Суу райондук жана Ош облустук сотторунун чечими менен актысын күчүндө калтырып берүүнү суранат.

Тагыраак айтканда, Жолборс Осмоновдун доо арызы териштирилген сот актыларына карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрылып жатат. Ал сот актыларында “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасы тарап катары катышкан эмес, тарап катары табылган да эмес. Бул жагдайда, эгер мамлекеттик ишкананын укугу бузулуп жаткан болсо, биринчи инстанциядагы сотко кайрылууга укуктуу болгон. Бирок, Жогорку сот Манас Усеновдун жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын өндүрүшкө кабыл алып, 2008-жылдын 27-февралындагы токтому менен Жогорку соттун туура бир жыл мурда кабыл алган токтомун жана райондук, облусттук соттордун актыларын бузуп, “Кара-Суу базарынын” мүлкүн “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасына өткөрүп берет.

Ишкананын Жогорку сотко жазган арызына үңүлсөк, “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасынын Уставы, лицензиясы, аларды каттоо жеке менчик укугу тууралуу тиешелүү документтер тиркелген эмес. Арызда мамлекеттик ишкана өзүнүн менчик укугун далилдей албайт.

Биздин колубузда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2006-жылдын 7-февралындагы № 20-токтому турат. Мында райондук жана облусттук соттун актыларына таянуу менен “Кыргыз соода биримдигине” караштуу базарды мамлекетке өткөрүп алуу максатында райадминистрация алдында мамлекеттик менчиктеги базар түзүлсүн, анын Уставы иштелип чыгып, тийиштүү жерден каттоодон өткөрүлсүн, негизги мүлктөрү көз карандысыз байкоочулар тарабынан бааланып, өздүк баланска алынсын, райондук архитектура генплан иштеп чыгып, мамлекеттик каттоо кызматы жерге ээлик кылуучу документтерди даярдап берсин деп көрсөтүлөт. Бул токтом Манас Усенов Жогорку сотко кайрылганда болгон, бирок арызда көрсөтүлбөйт. Мунун сыры эмнеде?

Кара-Суу райондук каттоо кызматына кайрылып, Кара-Суу райондук администрациясынын № 29-токтому катоодон өткөнбү же өткөн эмеспи?- деп сураганыбызда, ал жердин юристи Абдумомун Кабылов ал токтом каттоого алынбаганын билдирди.

— Кара-Суу райондук администрациянын № 20-токтому биздин башкармалыктан расмий түрдө каттоодон өткөн эмес.

— Кара-Суу районунун аймагында “Туратали эл базары” мамлекеттик ишкана же ЖЧК деген ат менен катталган мүлк, жер барбы?

— Бүгүнкү күндө биздин базада “Туратали эл базары” деген жок. Биздин базада базар “Кыргыз соода биримдигине” катталып турат.

— “Кара-Суу эл базары”, “Туратали эл базары” деген аталышта силердин базаңарда эч нерсе жокпу?

— Базада андай жок. “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсы деп катталган. Каттоо карточкасын да көрсөңөр болот.

Райондук каттоо кызматы билдиргендей, “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасы да, анын мүлкү да каттоодон өтпөптүр, менчик укугу катталбаптыр. Мыйзам боюнча менчик укугу мамлекеттик каттоодон өтүп, мамлекеттик акт берилгенден кийин гана пайда болот эмеспи.

Мейли, сот тарабынан “Кара-Суу базары” мамлекет карамагына, же мамлекеттик ишканага өткөрүлүп берилсин дейли. Анда базардын ээси катары Мүлк фонду эсептелмек. Бирок, Мүлк фонду “Кыргыз соода биримдигинин” катына талаштагы мүлк башынан эле мамлекеттики болбогонун ырастап жооп берип жатпайбы. Бул тууралуу “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын өкүлү Анарбай Эргешов мындай дейт:

— Биз Мүлк фондуна кат менен кайрылганыбызда, Мүлк фонду “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасынын ээлеген жери 8,10 га. Бул Ош облустук сотунун 2005-жылдагы 23-ноябрындагы чечими менен мамлекеттик ишканага өткөн. Ага чейин бул мүлк керек-жарак коомуна жана “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсына таандык болгон” деп жооп берип жатат. Демек, бул ишкана мурун мамлекеттики болгон эмес экен да. Бул рейдерлик жол менен соттун кылмышынын негизинде, рекеттик жол менен Усенов Манаска келип калыптыр.

Ал эми Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызматы тарабынан, тийешелүү мекеме өкүлдөрүнүн катышуусунда 2006-жылдын 3-февралында түзүлгөн “Кара-Суу базары” мүлк комплексин мамлекет менчигине өткөрүп берүү актысына Мүлк фондунун өкүлү К. Байтикова кол койгондон баш тартканы жазылып турат.

Демек, “Кара-Суу базарын” Ош облустук керек-жарак коому жалгыз уюштуруп, ал жеке менчик формада катталып турса, сот анын сатуу келишимин жокко чыгарбаса, “Кара-Суу эл базары” мамлекеттик ишканасы каттоодон өтпөсө, анда “Туратали базары” мамлекеттик ишканасы кайдан пайда болуп, анын директору Манас Усенов кандайча 2008-жылдын 8-апрелинде “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын № 21-буйругу менен базардагы жер аянттарын Артыков Уланбек менен Артыкова Айгулгө дүкөн куруу үчүн ажыратып берип жатат? Бул мыйзамдуубу? Мындан сырткары, базардын ичиндеги жер аянттары аукционго коюлуп, сатыкка чыккан.

Бирок, Артыковдорго берилген мамлекеттик актыларды Манас Усеновдун буйругу эмес, Сарай айыл өкмөтүнүн сатуу-сатып алуу келишимдери көрсөтүлгөн. Сарай айыл өкмөтү базардагы жер аянттарын сатууга укугу барбы? Бул сатуу мыйзам чегинде жүргөнбү? Кандай жол менен талашка түшүп жаткан базардагы жерлер сатылып кеткен?- деген суроолорго жооп алуу үчүн Сарай айыл өкмөтүнө барып, айыл өкмөт башчыны таба албай, анын орун басары Кушбак Абрахмановго суроо узаттык.

— Кушбак мырза, силер базардагы жер аянттарын сата аласыздарбы?

— Жок, сата албайбыз.

— “Туратали базары” мамлекеттик ишкананын директору Манас Усенов чыгарган буйрукту негиз кылып сатуу-сатып алуу келишимин түздүңөрбү?

— Жер бизге караган. “Туратали базары” дагы буйрук чыгарып койгон экен да. Ушунун негизинде бизге келишкен. Сарай айыл өкмөтүнөн документ кылышып, Мамкаттоодон акт алышкан.

— Сатуу-сатып алуунун негизи буйрукпу же аукционбу?

— Буйруктун негизинде биз аукционго койгонбуз. Аукциондун негизинде жеңүүчү болгондор акчасын төгүп, сатуу-сатып алуу келишимин түзүшкөн.

— Буйрукта аукцион деген жери жок да. Баланча адамдарга берилсин деп жатпайбы?

— Экөө алып иштетип жүрүшкөн. Ушунун негизинде көк китеп алышкан.

Кушбак мырзадан айыл өкмөттө “Кара-Суу базары” деген мүлк силерде катталганбы? — ​деп сураганыбызда, документтерди көрсөтө албасын билдирди. Айыл өкмөттөн жерлер кандайча сатылганына тыңгылыктуу жооп ала албаганыбыздан соң, кайрадан Кара-Суу районунун каттоо кызматына барып, юристи Абдумомун Кабыловго суроо узатканга туура келди.

— Абдумомун мырза, сиз биздин базада базардагы мүлк “Кыргыз соода биримдигине” таандык деп катталып турат дедиңиз. “Туратали базары” мамлекеттик ишканасы деген биздин базада жок деп айттыңыз. Бирок, “Туратали базары” мамлекеттик ишкананын директору Манас Усенов өзүнүн буйругу менен жер аянттарын жеке менчикке ажыратып бергенге укугу барбы?

— Укугу жок. Анын өзүнүн укугу катталбай туруп, бирөөгө сатканга укуктуу эмес. Андай нерселер биздин башкармалыкта деле каттоого алынбайт.

— Экинчи маселе, талаш жаратып жаткан базардын аймагындагы жерлерди Сарай айыл өкмөтү аукцион менен сатып жатат. Айыл өкмөт ошол жерлерди сатканга укуктуубу?

— Жер мыйзамдарына ылайык имарат менен жер ажырагыс. Биз айтып жатпайбызбы, бүгүнкү күндө ошол жердин үстүндө турган мүлк “Кыргыз соода биримдигинин” менчиги болуп эсептелет деп. Демек, 44-беренеге ылайык ал жерди айыл өкмөт сатканга укугу жок.

Урматтуу окурман, талаш жараткан базардын тегерегиндеги өзүм билемдик кандай деңгээлге жеткенин ушундан эле билсе болот.

Кара-Суу райондук каттоо кызматы базардын тегерегиндеги жерлерден 60тан ашык адамга жеке менчик укукка ээ болгон мамлекеттик актыларды бергени белгилүү болду. “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын өкүлү Анарбай Эргешов “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын директору Манас Усеновдун № 21-буйругуна карата кылмыш ишин козгоо боюнча укук коргоо органдарына кайрылган. Кара-Суу райондук прокуратура берген маалымат боюнча Сарай айыл өкмөтүнүн жана райондук каттоо кызматынын жооптуу адамдарына карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жазык Кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү жана 305/2-беренесинин 1-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө ишин жүргүзүү үчүн Ош облустук финансы полициясына өткөрүлүп берилгендиги көрсөтүлгөн. Арыз ээсинин айтуусунда, дагы деле башкы фигурант Манас Усеновдун аты белгисиз жагдайлар менен айтылбай калууда. Эмне үчүн прокуратура органы арыз талабына ылайык Усеновго карата кылмыш ишин козгоодон жалтайлап жатат?

Финансы полициясына бир жыл мурда тактап айтканда 2018-жылдын 27-августунда келип түшкөн № 134–18–471 сандуу кылмыш ишинин тагдыры дагы кызык. Финполиция арыз ээси Анарбай Эргешовго минтип жооп берет:

— Кечээ бир жазуу түрүндө карылганбыз. Бүгүн жооп алдык. Финпол “кылмыш бар, кылмышкер аныкталбай жатат” деп жооп берди. Жер аукцион менен сатылып жатса, Кара-Суунун каттоо кызматынын мамлекеттик актылар берилсе, Манас Усенов өзүнүн буйругуна кол коюп жатса, жерлерге өзү кол коюп, макулдугун берсе, кантип кылмышкер табылбай калганына таң калып жатам.

Бул кылмыш ишке убагы келгенде өз баасын берген чечим чыгар.

Биз кайрадан базарга тийешелүү болгон соттук процесстерге кайрылалы. Жогорку сот 2018-жылдын 10-апрелинде “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКсынын жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра кароо арызын канааттандырган аныктамасында, ал эми 2018-жылдын 2-июлундагы базар талашкан алгачкы доогер Жолборс Осмоновдун доодон баш тартуу жана иш боюнча сот өндүрүшүн токтотуу боюнча өтүнүчүн канааттандырган токтомдорунда “Кара-Суу базары” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору М. Усенов жана ушул эле жеке менчик ишкананын ишеним кат боюнча өкүлү Султанов катышкандыгы жазылып турат. Манас Усенов ушунчалык табышмактуу адамбы? Бир туруп мүлкү эч жерде катталбаган “Кара-Суу эл базары”, “Туратали базары” мамлекеттик ишкананын директору, эми минтип жеке менчик директору катары сотко катышып жатат. “Кара-Суу базары” ЖЧКсы барбы деп издегенибизде, Юстиция министрлигинин сайтынан 2002-жылы эле ишин токтоткон, Ош облустук керек-жарак коому түзгөн “Кара-Суу базары” ЖЧКсынан башка маалымат таба албадык. Эгер Усенов 2002-жылы эле ишин токтоткон ишкананын атынан сотко катышып жаткан болсо, бул жерде кылмыштын белгилери турат. Жогорку соттун коллегиясы бир эмес, эки сот актысын чыгарып жатканда, эмне үчүн бул жагдайга көңүл бурбаган?

Айтмакчы, Жогорку соттун 2018-жылдын 27-сентябрындагы отурумунда Манас Усенов сот залында судьялар Н. Сатыбалдиева, Т. Чаргинова, М. Мельниковаларга карата “Эртеңки күнүңдү ойло!” деген мазактоо, коркутуу келтиргени боюнча Сатиев тарабынан акт түзүлгөн. Эгер, Жогорку соттун судьяларын “Эртеңки күнүңдү ойло!” деп коркутуп жаткан Манас Усеновдун ишенген тоосу бүгүн кайсыл жакта олтурат? Ал кимге ишенип ошондой сөздү айтып жатат?

9-сентябрда “Кара-Суу базарынын” тегерегиндеги талаш Жогорку сотто үчүнчү жолу каралганы турат. Андыктан сөзүбүздү ушул жерден токтотуп туралы. Акыркы сөздү Жогорку соттун чечиминен кийин айтабыз.

Кара-Суу районуна барганыбызда Манас Усеновго жолугуп, андан биздин колубуздагы документтерге жооп алалы дегенибизден майнап чыкпады. Өзү, орун басары дагы иш ордуларында жок болуп чыкты. Телефондон байланышканыбызда, Манас Үсенов “Ооруп жаттым эле. Отпускадамын, сентябрда Бишкекке барам, ошондо жолугабыз. Бул кандуу базардын таржымалы узун. Ошондо сүйлөшөбүз” деген жообун берген. Усенов дагы Бишкекке келгенде өз чындыгын далилдеген документтери менен редакцияга кайрылат деп күтүп жатабыз.

Наралы Асанбаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *