Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Кара-Сууда райондун акими — Матраимовдордун иниси Тилекбек Матраимов кызматтан кетти
САЯСАТ

Кара-Сууда райондун акими – Матраимовдордун иниси Тилекбек Матраимов кызматтан кетти

Кара-Сууда райондун акими – Матраимовдордун иниси Тилекбек Матраимов кызматтан кетти. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.

Анын ордуна нааразы болгондордун бири дайындалды, анын ким экендиги азыр белгисиз. Ал өзүнүн видео кайрылуусунда “мындай мамилени азыркы бийлик өзү суранып, эми Кара-Сууда тартипти орнотом” деди. Жергиликтүү аксакалдар алдыга чыккан жаш талапкерге өз баталарын беришти.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп, анын жыйынтыгында 4 партия Жогорку Кеңешке шайланды. 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болушуп, эл митингге чыгышты. 12 партия шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарып, жаңыларын дайындоого чакырды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак үй менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин басып алышты.

Мындан улам бир канча аткаминерлер ээлеген кызматтарынан өз каалоосу менен арыз жазып, кетип жатышат.

Эрезеге жетелек балдарга жасалган жыныстык кылмыштарга карата жаза чаралары кыйла катаалдаштырылууда

Айтмамат борборго келди

Текебаев соттон паспортун берүүнү талап кылды