Кара-Жыгач сейил багында 3 бала бир кызды жигитинин көзүнчө зордуктаган

Свердлов райондук ИИБнин ыкчам кызматкерлери эки жашты тоноп, кызын зордуктап салган үч баладан турган кылмыштуу топту кармады. Бул туурасында Бишкек ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-августта саат 22:00дө азият улутундагы 25-30 жаштардагы үч белгисиз бала Кара-Жыгач сейил багында жүргөн кыз-жигитти байкап калышкан. Аларды тоноо максатында үч бала физикалык күч колдонуп жаштардан эки, iPhone-6 жана iPhone-7 үлгүсүндөгү телефондорду тартып алышкан.

“Кылмышкерлер өз ишин аны менен токтотуп калбай, 16-жаштагы кызды сүйрөп барышып, жигитинин көзүнчө зордуктап салышкан”, – деп айтылат милицянын билдирүүсүндө.

Буга байланыштуу факт катталды жана Кылмыш кодексинин 130 (зордуктоо) жана 167 (тоноо) беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Сотттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы, кыз өтө оор формадагы зордуктоого кабылды деп чыккан.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлери үч баланы кармашкан: М.А.уулу, 1997-жылы туулган Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, Жалал-Абад шаарынын тургундары 1985-жылы туулган Ж.Ш., жана 1996-жылы туулган К.Д.

20-августта Свердлов райондук соту кылмышка шектүүлөрдү СИЗО-1ге 2 айга камакка алды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *