Карачай-Черкес республикасындагы “Карагул, ботом”: атасы баласын кокустан атып алды

Аталган республикада тергөөчүлөр 59 жаштагы жергиликтүү тургун мергенчилик учурунда байкабай өз уулун атып өлтүрүп алганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу 18-январда ТАСС билдирди.

Көрсө, 2020-жылдын 11-январында жоон топ эркектер Прикубань районунда карышкырга аңчылыкка чыгышкан. Атасы камыштардын арасынан дабыш тыңдап, ойлонбой туруп, 20 метрден карабин мылтыгынан ок чыгарган. Натыйжада уулунун көкүрөгүнө ок тийип, баласы ошол жерден жан берген.

Окуя болгон жерден төрт карабин мылтыгы алынып, бардык мергенчилер сурак берип, 7 экспертиза дайындалган. Тергөө амалдары дале уланууда.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *