Каракол шаарында шамал мейманкананын чатырын учуруп кетти

Каракол шаарында шамал мейманкананын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда КРнын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2020-жылдын 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында шамал катталып (ылдамдыгы такталууда), Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын 475 чарчы метр түзгөн темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

29-июнь күнү комиссия тарабынан акт түзүлөт.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *