Карамат Токтобаева, журналист: “Азаттыктын” коррупцияга аралашканын, ак үйгө жетчү трамплин катары пайдаланылып, түбү оңолбой калганын айтсам, мени өч алып аткандай көрүшчү”

Коомчулукта УКМКнын “Айэркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерин жалдап, аларга 100 миң доллар акча берген” деген билдирүүсү кызуу талкууланып жаткан учуру.

“Санжыра” радиосунун директору Айдай Ивакова Фейсбуктагы баракчасына “Азаттыктын” журналисттеринин акча алганына ишенесиңерби? деп суроо салып, бул тууралуу коомчулуктун пикирин билүүгө кызыккан.

Бул постко комментарий жазгандардын кээ бирлери ишенем дешсе, айрымдары карандай калп айтылып жатат деген пикирлерин калтырышкан.

“Азаттык” радиосунда мурда эмгектенген журналист Карамат Токтобаева “Азаттыктын” коррупцияга аралашканына көп жыл болгонун жазып, радиону жаап салуу керектигин жазган.

Сурооңдун өзү кызык экен? “Азаттыктагылар” эмне, айдан түшүп, анан ак үйгө барып калып атыптырбы? Алар деле тирик жан да. Чай ичет, соодалашат, кардар табат дегендей. Билгенге бул чоң жалаа. “Азаттыктын” коррупцияга аралашканын көп жылдан бери айтып, какшап келем. “Азаттык” – ак үйгө жетчү трамплин катары пайдаланылып, түбү оңолбой калганын дайым айтсам мени бир өч алып аткандай көрүшчү. Бирок чекеден журналисттери келип, мага жакындап, тазарып алгылары келгендерин да айтайын. Бул радиону негизи жоюп эле салыш керек …” – деп жазган Карамат Токтобаева.

Айдай Ивакова: “Суроо нопнормальный. Мен негизи адам сатып кетүүгө жөндөмдүүбү же жокпу деп сураганым жок. Адамдын негизи эле акчага болгон напсисин сураганым жок. Мен айтылган конкретүү ушул маалыматка ишенесизби же жокпу деп адамдардын жеке оюн сурадым. Ал эми трамплин боюнча. Бул да адамдын жеке каалоосуна жараша. Ак үйгө баргысы келген адам кандай болбосун мүмкүнчүлүктү пайдаланат. Ал эми коррупция боюнча айткандарыңызга эчтеке дей албайм, себеби, сиз башкаларга караганда көбүрөөк билсеңиз керек. Иштеп, ичине аралашкан адам катары балким фактыларыныз дагы бардыр …”

Карамат Токтобаева:Конкреттүүлүк жагына келсек бул маселеде башынан эле күмөн туудурган материал болгон. Макалада кайсы бир тарапка көбүрөөк тартып койгон. Эми акча алган дегенге күмөн бар. Колунан кармап албаган соң. Бирок “Азаттык” деген бейтарап болуш керек болчу. Журналистикадагы экинчи тараптын ою деген берилбей калган. Ошол жагы күмөн жаратат. Сенсация жасагылары келишкен же бирөөнүн таасири болгон же акча, чай-пай дегендей… Эки уйгурдун акча талаш ыплас иштерин далилсиз, тигиндей ыкмада бербеш керек эле. Өзү деле аягына чыгара албады. Далилдей албады. Ошол сыяктуу акча алганын деле эч ким далилдей албайт… Сурооңдун өзү кызык дегеним ошол. Же актагың келет же чын эле анализ кылган эмессиң…” – деп жазган мурун “Азаттыкта” иштеп кеткен журналист”.

Айдай Ивакова:Ашыкча эч сөз, намек, ишарат жок, жн эле суроону суроодой эле кабыл алыңыз, андан ары актагың келди деп мени да ала жатпай))) Анализ кылган эмессин дейсиз, бул кыска суроомду аналитикалык материал деп эч жерде айткан жок элем)

Карамат Токтобаева:Ким билет эми. Анализ кылсаң суроо дагы жаралбайт эле дегеним. Непотизм сазына баткан “Азаттыкка” реформа керек же жабылыш керек. Эч ким актай албайт миң көлдүктөр “айбалтасын” ала чуркасын…”

Айдай Ивакова:  Акыркы билдирүүлөр боюнча мен эмес, өтө олуттуу аналитикалык борборлор, “мегамозгдор” да анализ жасаганга үлгүрө элек го дейм. Экинчиден, мен алды же алган жок деп так кесе пикиримди билдирип, талашкан жерим жок. Сиз менин жөнөкөй суроомо мен бир жактуу пикир айткандай мамиле кылып жатасыз, а балким, анын сыры акыркы комментарийиңиздеги акыркы сүйлөмгө байланыштуу болуп жүрбөсүн?

Карамат Токтобаева: “Көлдүк” дегеним катуу тийсе кечирим сурайм. Балким силерге тийешеси жоктур. Айдайдын суроосун күчөтүп жибердим. Мен деле Алинин акча алганына ишенбейм. Бирок ” Азаттыкты” ичтен билген адам катары реформага муктаж экенин бардык жерде ушинтип сайрап келем. Радио мурдагыдай элдик боло албай жанагыдай күмөн ойго түрткөн иштерди жасап келе жатышканын айттым. Ал эми непотизм тууралуу мен эле айтканым жок да…

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *