Караңгы калктын саламаттыгы үчүн күйгөн жан барбы?

Өлкөдө, деги эле дүйнө жүзүндө акыркы жылдары рак оорусу күч алып, ар кандай формада, стадияда өөрчүп, медицинаны эле эмес, бүткүл адамзаттын кыйынчылыкка кептеп турган учуру. Кыргызстанда акыркы убакта ысымы байма-бай оозго алынган, өзүн онкология ооруларынын дарыгери катары эсептеген Зайналиев Ашым аттуу элдик табып иш жүргүзүүдө. Та­бып отуз жылдын аралыгында ушул жаатта өз алдынча изилдөө жүргүзүп, соңку эки жылдан бери рактын акыр­кы стадиясындагы оорулууларды дарылоого аракет жасап келет. Аталган элдик табыптын клиника деп өзү атап алган Көк-Жар конушундагы имараты – байлардын кадимки особняк үйү.

Өткөн жылдын 5-июлунда табыптын клиникасында 56 жаштагы Абдыкадырова Г.А. аттуу бейтапка Ашым Зайналиев тарабынан опера­ция жасалган. Операция учурунда бейтаптын кан басымы төмөндөп кетип көз жумган. Окуя болгон жерге МИИБдин (Мамлекеттик ички иштер башкармалыгы) кызматкерлери келип, өлүм фактысы боюнча Зайналиевге кылмыш иши козголгон. Би­рок жабырлануучу тарап арыз менен кайрылбагандыктан Зайналиев кай­ра бошотулган. Эч кандай хирургиялык операцияны жасоого шарты жок жерде иш жүргүзгөн табып жоопкерчиликти өз моюнуна алган. Ал окуяны мындайча баяндады:

—Биздин жасаган иш дарыланууга муктаж адамдарга пайда, ал эми дарыгерлерге пайдасы жок. Клиникама өтө оор абалда келип жаткандар дарылануудан соң сакайып, өздөрү басып кетишүүдө. Операция учурунда көз жумган Абдыкадырованын кан басымы төмөндөп кеткен. Опера­ция жасабай коюу дагы мүмкүн эмес болчу. Анын организминдеги илдет ичинен чирип аткан. Буга чейин ал аялга үч ирет чакан операцияларды жасагам. Иштин астында «Мен хирург эмесмин» деп Улуттук онко­логия борборуна жөнөткөм. Бирок ал жердегилер да мындай жоопкерчиликти моюнуна алгылары келген жок. Аргасыздан операция жасоого мажбур болдум. Массалык маалымат каражаттарында «Зайналиев бир канча адамды өлтүрдү» деп эч кандай далили жок маалыматтарды жазып чыгарышууда, ал жалган.

Чындыгында, хирургиялык иш- аракеттер үчүн кан басымды өлчөп турган аппарат, бейтапты керек учурда кычкылтек менен камсыз кылчу жабдуулар менен коштолгон атайын бөлмө болушу керек. Тазалык маселеси айтпаса да башкы орунда. Бирок Ашым Зайналиевдин клиникасынан андай жабдууларды көрө албадык. Анын үстүнө кадимки бир кишилик керебетти көрсөтүп, ошол жерде Абдыкадыровага операция жасалганын жана көз жумганын айтып берди. Ашым Зайналиев рак ооруларын гана эмес, акыркы убактарда жүрөк, кан тамыр ооруларын дагы дарылап жатканын билдирди.

Мындан бир нече ай мурун жур­налист Бейшеноек Бекешов дал ушул клиникада кырк күн жатып, жүрөгүн дарылатып кеткендигин элдик табыптын өз оозунан уктук. Табып өзүнүн пациенттерин элдик ыкма, тагыраак айтканда, чөп-чар менен дарылайт. Көп учурда 4-стадиядагы рак менен ооруган оорулуулар келет. Улуттук онкология борборунан үч жолу химиотерапия алган Сүйүнбаева Чынаркүл акыркы үмүтүн Зайналиевдин клиникасынан тапкан.

Сүйүнбаева Чынаркүл, бейтап:

«АКЫРКЫ ҮМҮТҮМ ТАБЫПТАН»

—Кудайым буюрса, жакшы болуп калдым. Үч жолку химиядан кийин абдан алсырап калгам, интернеттен угуп алып Ашымга бардым. Ал мени чөп-чар менен дарылады. Буга чейин депутаттардан да жардам сурап ала албагам. Акыры Ашым табыпка кайрылгым келди. Дарыланууга 46 миң сом коротуп, азырынча абалым дурус.

Ашым Зайналиев тамыр кармоо менен ооруну аныктап, дарылоо жүргүзөт. Дарыгерден кеңеш алыш үчүн келген пациенгттердин саны арбын экенин байкадык. Кыргызстан эле эмес, Казакстандан келген оорулууну биздин көзүбүзчө кабыл алып, дароо жаткырды. Белгилей кетсек, бул клиникада дарылануу үчүн суткасына эки миң сомдон ашык акча кетет. Кыргызстанда мындай жеке клиникалардын саны чексиз. Медицинанын өнүккөн учурунда элдик табып тамыр кармоо менен классикалык дарылоо методун өнүктүрүп келет. Мындай дарылоонун канчалык деңгээлде жакшы тарабы болсо, жаман жагы да андан аз эмес. Себеби гигиена, антисанитарияны эске албаганда, онкологиялык ооруларын дарылоодо жок дегенде медициналык билим, операция жасоодо хирургиялык тажрыйба керек. Клиника иштетүүдө салыкты, мамлекетке келген кирешени эмес, оболу жарандардын саламаттыгы ишеничтүү колдо эке­нин билиш керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензия берүү бөлүмү Зайналиевдин клиникасында текшерүү иштерин жүргүзүп, стандарттарга жооп бербегендиктен мындан ары ишин уланта албашын айтышкан. Аталган бөлүмдүн башчысы Арзыкулова Бурул Өмүрбековна Ашым Зайналиевге карата козголуп жаткан кылмыш иш боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

-Окуя болгон күндүн эртеси эле хирург-онколог, юрист, мен жана эки эксперт болуп бардык. Ал жер­ди өз көзүбүз менен көрүп, иликтөө учурунда медициналык билими, лицензиясы жок экенин билдик. Анын ишмердүүлүгү мыйзамга дал келбегенин түшүндүргөнүбүздө макул болду. Ошол жерден кылмыш иши козголуп, иликтөө үчүн МИИБге өткөрүп бергенбиз. Бирок октябрь айында иликтөө иштери жабырлануучу тараптан арыз жазылбагандыктан токтотулган. Зайналиевдин клиникасына келип дарыланып, бирок үйүнө барганда каза тапкандар да жок эмес. Иш иликтенип жатканда башка каза тапкандардын үй-бүлөсүнөн МИИБге бир нече кат түшкөн. Ал каттарды Биринчи май районунун сотуна ишти өткөрүп берүүдө тиркегенбиз.

Эмне себептен өз ишмердүүлүгүн мыйзамга ылайыкташтырбай, салык төлөбөй, лицензия албастан жүргүзүп жатканын Зайналиев:

—Менин дарылоо методум он­кологиялык протоколго дал келбейт. Ал жерде жазылган атайын эреже, шарттар менде болбогондуктан мамлекет мага лицензия бере албайт, – деп түшүндүрдү.

Элдик медицина ишмердүүлүгүн жүргүзүү боюнча саламаттыкты сактоо мыйзамынын 16-беренесинде айтылган түшүндүрмөгө ылайык, табыптар оорулууларга зыян келтирбестен, лицензия алгандан кийин да­рылоо укугун алышат.

Ден соолук – биринчи байлык, андан ажыраган адам баарынан ажырайт. Ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүүгө, дарылануу үчүн тийиштүү жерге кайрылууга укуктуу. Бейтаптардын капчыгын кагып алганды билген элдик табып эмне үчүн талап кылынган шарттарды түзүп албайт? Ошол эле бийликтегилер, санэпи­демстанция кызматкерлери эмне үчүн текшерүүгө алгылары келишпейт? Же балким түшкөн кирешеден алардын оозун табып «майлап» турабы, белгисиз…

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *