Каратаевди эмес, сот Козуевди соттош керек

 

Аллергия

Чынымды айтсам Базаралы Каратаевден качууга да аракет кылып көрдүм. Мыйзам талаптарын каалагандай калчаган паракор соттордун айласын таба албай, өлкө Президентине эски мамилебизди эске салып кат жазып, анын аппарат жетекчисинин кабыл алуусунда болуп, абалды түшүндүргөн соң өзүм баштаган иш эски арабадай кыйчылдап, аздан алга жыла баштагандай болгон. Бирок, Башкы прокуратурага жазган кайрылуулардан, арыздардан, даттануулардан майнап чыгарына ишеним өчкөндөн өчүп, адилеттикке болгон үмүт гана андан күдөр үздүрбөй турган учурда Базарали баш болгон бир топ адамдардын телефон чалып, кеңеш сурашы мени жарга такап койду.

Биринчиден, сот-прокурорлордун зомбулугуна, кара ниет иштерине каршы канчалык күрөш ачканың менен алардын сенин айтып жазгандарыңды чымын чакканчалык көрбөй, учурда колдорунда турган бийликтерине таянып мыйзамды тебелеп-тепсеп берээрине толук көзүм жетип турган убакта «эчки тууй албай жатып койго арачы болбоюн», – дедим эле. Ошол эле убакта, экинчиден Президент А.Атамбаевге жазган кайрылуумду окуп алып, анан кеңеш сурап, жардам издеп кайрылган алайлык, аксылык, лейлектик, нарындык, ат-башылык, кадамжайлык жана башка бир топ жердештеримдин ансыз да басылып балчыкта, тебеленип тепсендиде жаткан үмүттөрүн ого бетер өчүрүүгө адамдык нарк-насилим чыдабады. Ата-журтунда кор болуп, ыза тарткан,тикелей милдеттүү кызматтар алардын көз жашын жамгырдын тамчысындай көрбөгөн мындай адамдардын Кыргызстанда миңдеп санааларын, алардын баарына жардам берүү эмес, кеңеш берүүгө да мүмкүнчүлүгүм чектелүү экенин билип турсак дагы  алгачкы жардамды Каратаев Базаралиден баштоону туура таптым. Адам тагдырын, жарандардын кудай берип, Конституция баш болгон толгон-токой мыйзамдар коргоого алган укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын кайра ошол мыйзамдарды бетке кармап тебелеп-тепсөөгө көнгөн укук коргоо, сот, прокуратура органдарынын «кара жемсөө кузгундары» жөнүндөгү алгачкы баян Базарали Каратаевден башталмай болду.

Адегенде эле мен бир нерсени эскерте кетмекчимин. Бул макала жалаң гана документтердин негизинде, көп жылдык юридикалык иш стажы бар, чындыкты туу туткан журналист-юристтин калеминен чыгып жатат. Ошондуктан, 99 пайызы калп, бурмаланган, 1 пайызы гана чын (тараптардын аты-жөнү, жашаган жери ж.б.у.с. маалыматтар) сот тергөө, прокуратура, сот органдарынын айрым актыларына караганда менин бул журналисттик-юристтик аналитикалык изилдөөмдүн 99 пайызы чындык экендигине бөркүңүздөй ишене берсеңиз болот. Себеби, менин алдымда бир гана максат бар. Ал көчөлөрдө чыркырап, боздоп ыйлап жүргөн чындыкты «калың» элге жеткирүү. Бүгүн албаган жазасын, күнөөлүү сот, прокурорлор эртең сөзсүз аларына ишенели.

2015-жылдын 17-сентябрында Ош облусундагы Өзгөн районунун прокурорунун улук жардамчысы Р.Жумаканов Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары аралык аймактык бөлүмү тарабынан Чаңгет айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетти аткаруу боюнча аудиттик текшерүү актысынын негизинде №147-15-439 кылмыш ишин козгоп, ага райондун прокурору Ж.Айтыкулов макулдугун берет.

Эсептөө палатасынын эсеби боюнча Чаңгет айыл өкмөтү 67080 сомдук 1720 литр АN-92 маркасындагы бензинди кириш кылбай, белгисиз максатта жок кылган.

Экинчиси, айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси М.Ормонов айыл өкмөтүнүн кассасынан 15500 сом алып, аны жасалма документтерди жасоо жолу менен өзүнүн жеке кызыкчылыгына сарп кылып салган.

Үчүнчүсү, ошол эле М.Ормонов айыл өкмөтүнүн кассасынан 14800 сом акча каражатын алып, аны айыл өкмөт башчысы Д.Акматовго берип, анысы аны «ап» этип койгон.

Төртүнчүсү, (көңүл буруп коюңуз) Чаңгет айыл өкмөтүндөгү М.Жумабаев атындагы орто мектептин мурдагы директору Б.Каратаевге берилген 18 000 сом, жер адиси А.Кадыровго берилген 14 400 сом жана салык кызматкери Т.Ниязовго берилген 10590 сом акча каражаттары боюнча тийиштүү очеттор тапшырылбастан, өз кызыкчылыктарына иштетилип, жок кылынган.

Кылмыш ишин козгоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөндөй М.Жумабаев атындагы орто мектептин директору Базарали Каратаев 18 000 сом акчаны айыл өкмөтүнүн кассасынан алып, аны кайда сарптагандыгы тууралуу отчет берген эмес, демек тергөө айтмакчы «өз кызыкчылыгына иштетип, жок кылган».

Прокурордун улук жардамчысынын чала сабат бул токтому 2015-жылдын 17-сентябрында Базаралы Каратаевдин андан аркы тагдырына балта чаап, бир кездеги жаркылдаган адамды бүгүн мүнкүрөп ар кимден жардам сурап, акыйкаттык издеген адамга айлантып отурат.

Чала сабаттуу жардамчы өзүнүн чала сабат токтому менен Б.Каратаев тарабынан 18 000 сом кайда кеткендигин, кайсыл же эмне иштерге сарпталгандыгын, эмне үчүн өз убагында отчет тапшырылбагандыгын тактабай, аныктабай туруп элге аны «акча жегич» кылып, мыйзамдын так аткарылышын көзөмөлгө алууга милдеттүү прокурор М.Айтикулов ал формулировкага макул болуп, колун коюп берген. Тергөө учурунда 18 000 сомдун 10 000 сомун Чаңгет айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М.Мамытов алгандыгы, б.а. ал Б.Каратаевге 8 000 сомун гана берип, «калганын кийин берем» деп ордерге кол койдуруп алгандыгы аныкталган. Аны М.Мамытов тергөөдө да, сотто да мойнуна алып, ал акчаны кассага кайра төгүп берген.

Калган 8000 сомдун 2650 сому мектепке мөөр-штамп, 770 сому лозунг жана 650 сому вывеска жасатууга жумшалган. Бул сумма 4070 сомду түзөт жана документ далилдер менен тастыкталат.

Мындан сырткары 2014-жылдын 5-сентябрында Б.Каратаев тарабынан райондук «Өзгөн нуру» гезитинин редакциясына мектеп турмушун чагылдырган материал даярдоо үчүн 3000 сом акча төлөнгөн. Анын квитанциясы кылмыш ишинин ичинде тиркелүү, 930 сом Чаңгет-Өзгөн-Ош каттамы менен 2 жолу жогорудагы заказ берилген буюмдарга буйрутма берүү жана алып келүүгө кеткендигин, бирок аларды тастыктоочу документтердин жоктугун Б.Каратаев өзү да мойнуна алат.

Анда эмне, Б.Каратаевге 930 сом үчүн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп, сот жообуна тартылып отурабы? Бул сумманы бардыгыбыз көнүп бүткөн американын акчасына которсок бүгүнкү курс менен 13 доллардын ар жак, бер жагын түзөт экен. Анда Б.Каратаев 13 доллар үчүн соттолуп жатабы?Күлкү келтирерлик иш эмеспи мунубуз?

Б.Каратаевди эмес, судья А.Козуевди соттош керек

2015-жылдын 16-декабрында Өзгөн райондук сотунун судьясы А.Козуев Каратаев Базарали Тагаевичтин жана Чаңгет айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы Мирлан Мамытов менен ошол эле айыл өкмөтүнүн кассири Акылбек Кадыровдун кылмыш ишин караган. Сот өкүмүндө «Б.Каратаевге карата Кыргыз Республикасынын КЖКнын (Кылмыш-жаза кодексинин-автор) 315-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын квалификациялык белгилери болуп, кызматтык жасалмачылык, жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын же коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келгендиги  болуп саналат.

Андан сырткары, соттолуучу…Б.Каратаевге угузулган айып мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 12-беренесине ылайык оор кылмыштардын катарына киргендигин сот эске алат»- деп көрсөтүлгөн.

Сот өкүмүнө ишенсек Б.Каратаевди «күнөөсүн» жеңилдетүүчү бир топ жагдайлар эске алынган. Ошол эле убакта, «кызмат абалынан кыянаттык  менен пайдаланып, ишенип берилген мүлктү жок кылгандыгы» анын «кылмышын» оордотуучу жагдай болуп эсептелип, ал Кыргыз Респуликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30 (кылмышка шериктеш болуу)-171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу (туурасы-жок кылып коюу) жана 315-беренесинин 2-бөлүгү (кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш жасаган деп табылып, 6 жылга эркинен, 1 жылга белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратылган. Жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн жатак абагында өтөө белгиленген. КР КЖКнын 63-беренесинин негизинде бул жаза шартуу деп эсептелинип 2 жылдык сынак мөөнөтү берилген. Бул мөөнөт ичинде Б.Каратаевдин жашаган жерин алмаштырууга, андан башка жакка чыгууга, түнкүсүн көчөдө жүрүүгө, эл топтошкон жерлерге барууга укугу жок.

Бул жазадан тышкары сот Б.Каратаевди мамлекеттин эсебине эсептик көрсөткүчтүн 4 миң өлчөмүндө айып төлөөгө кошумча милдеттендирген, б.а 400000 сом айыпка жыккан.

Жаза белгилөөдө Өзгөн райондук сотунун судьясы А.Козуев, Ош областтык сотунун апелляциялык инстанциясынын судьялары А.Кубатов, А.Абдылдаев, М.Токтомушов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун көзөмөл иретинде даттанууну «караган» судьялары К.Бокоев, Б.Бактыгулов, А.Акыевдердин соттук «баасына», алардын чечимдеринин мыйзамдуулугуна жана адилеттүүлүгүнө мен кийинчерэээк токтолмокчумун. Азыр болсо, макаланын подтемасы эмне үчүн «Б.Каратаевди эмес, судья А.Козуевди соттош керек»- деп берилгенине түшүнүк берейин.

Жардам сурап, электрондук почтама жиберген катында Б.Каратаев минтип жазыптыр: «2015-жылдын 15-декабрында Өзгөндө сот болду. Сот А.Козуев «баарыбызды мугалим окуткан. Ишиң бүтөт, бир сом акча жебепсиң»- деп кабинетинде сүйлөшүп, баалашып, 40000 сом акчаны өз колум менен бердим. Өкүм окуларда адвокат Каныбек уулу Эркин «10000 сом берсин. Агайды актап коелу деп сот сурап жатат»-дегенинен дагы 10000 сом бердим. Өзгөн районунун соту А.Козуевге жалпы 50000 сом өткөрдүм. А.Козуевге ишенип жүрө бериптирмин. Соттун өкүмүн колума алган эмесмин. 2016-жылдын 17-июнунда мугалимдиктен бошоткон буйрук колума тийгенде анан соттолгонумду билип, облус сотунун өкүмүн мектептен көчүрүп алдым»

Мына  өзүнүн соттолгондугун бир жарым жылдан кийин, ошондо дагы тийешелүү органдарга кайрылуунун ордуна өзүндөй эле катардагы бир жаран мага билдирген баё, ишенчээк, момун, элеттик кыргыз жигитинин баё каты. Буга, б.а судья А.Козуевдин бул жоругуна укуктук бааны ким берет? Соттор кеңешиби? Башкы прокуратурабы? Же Президенттин соттук реформалар боюнча бөлүмүбү?

Пара алып жатканда колунан кармаган судьялардын ишин эптей албай жаткан бул органдарга деле ишеним аз. Бирок, «сот реформасын жасап жатабыз, соттор сааттын жебесиндей чыкылдап иштеп жатат»- деген ооз көптүрмө сөздөрдү жакшы көргөн «чоңдорубуз» соттордун жана өзүлөрүнүн ар намысы үчүн А.Козуев маселесинин моралдык жагын карап койсо, Б.Каратаевге окшоп оозунан жулдурган миңдеген адамдардын сообуна эле калмак.

Деги Б.Каратаев деген ким жана ал эмне үчүн соттолгон?

«Мамлекеттин казынасынан бир сом акча жебей 6 жылга эркинен ажыратылган, мугалимдиктен бошотулган, түнкү убакта көчөөдө жүрбөөгө, эл топтошкон жайларга барбоого милдеттендирилип, 400 000 сом акчага айыпталган агай мен-Каратаев Базарали. Жалпы эмгек стажым 34 жыл, педагогикалык стажым 29 жыл. 7 жыл катардагы дене тарбия мугалими, 2 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы, 20 жыл мектеп директору болуп иштедим. Мугалимдердин республикалык 2-курултайынын делегаты болуп, адеп, ахлах, ыйман туурасында сөз сүйлөгөм. «Эл агартуунун отличниги» төш белгисинин ээсимин. Райондук, областтык, республикалык ардак грамоталар, дипломдор ыйгарылган. Өзгөн районундагы Чаңгет айылдык кеңешинин депутатымын».

(Б.Каратаевдин мага жазган катынан)

-2008-ылы Өзгөн райондук мектептер аралык конкурста жылдын мыкты мектеби аталып, облусттук сынакка катышып, байгелүү орунга жетишкен. Учурда Чаңгет айылдык кеңешинин депутаты, өзүнүн жетекчилик оң сапаттарын көрсөтүп, өзгөчө сезгичтик менен ар бир мугалимге мамиле жасап, алар менен кенен-кесир баарлашып, өзүнүн педагогикалык тажрыйбасын жайылтып келүүдө.

Б.Каратевдин демөөрчүлүгү менен өз каражатынан эки жүз элүү миң сом акча жумшап, мектеп муктаж болгон 3 бөлмөлүү китепкана, ашкана куруп, 2007-жылдан азыркы мезгилге чейин ремон иштерин өз каражатына бүткөрүп келүүдө».

(Айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Эшиев менен айыл башчысы А.Ташмаматов кол койгон мүнөздөмөдөн)

2006-жылы «Мамлекет мага эмне кылып берет деп күтүп отурбастан,мен мамлекетке эмне кылдым деген максатта айылдык кеңештин депутаты Базарали Каратаев өз каражатына китепкана, ашкана куруп, ичине килем төшөп, 2007-жылдын 17-майында Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Мурзаибраимова Ибадат Бекмаматовнанын жетекчилиги астында Өзгөн району боюнча мектеп директорлорунун арасында «Жаш демилгечил күчтөр келечектин татыктуу инсандарын тарбиялайт»- деген темада семинар өткөргөн. 2007-жылдан азыркы мезгилге чейин жыл сайын ремонтко кеткен каражатты Базарали Каратаев өз чөнтөгүнөн чыгарып, күнүмдүк тазалыгын үй-бүлөсү менен камсыз кылып жаткандыгы анык».

(Ардагер мугалимдер Мурат Баизов, Зеби Абакирова, Чаңгет айылдык кеңешинин депутаттары Туратбек Ашырбеков, Табылды Исаев, учурдагы мугалимдер Замира Ажиматова, Үмүтай Бекболотова жана Икрам Абазовдордун болуп 2016-жылдын 20-октябрдагы актысынан)

Бул айтылгандарга кошумча иретинде мен төмөндөгү маалыматтарды окурмандарга жеткирип коюуну туура көрүп отурам.

Соттолгон убакта Б.Каратаев КСДП партиясынын мүчөсү болгон. Партиялык билетинин номери 002121. Партияга 2010-жылы июнь айында кирген.

Сот өкүмүн угузган учурда Б.Каратаев Чаңгет айылдык кеңешинин депутаты болгон. Күбөлүк номери 7. Депутаттык мөөнөтү 2016-жылдын 25-ноябрында аяктаган. 6 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес.

Мен санап өткөн жагдайларда коомго анчалык коркунуч келтирбеген, анын иш- аракеттеринен мамлекет же башка жактар зыян тартпаган учурда күнөөлүү адамга жеңилдетилген жаза колдонуу татипби мыйзамда да каралган.

Анда эмне үчүн мамлекетке дагы, жеке же юридикалык жактарга дагы бир тыйын зыян келтирбеген Базарали Каратаев 2 жылдык сыноо мөөнөтүн колдонуу менен 6 жылга эркинен ажыратылып, анысы аз келгенсип 400 000 сомго айыпка жыгылып отурат? Жадагалса, Б.Каратаев 15 000- 20 000 сом акчаны жеп койгон күндө да ага ушунчалык оор жаза колдонуп, очойгон айыпка жыгуу мыйзамдуулукка, кылмыш менен жазанын тең салмактуулугуна жатабы?

Райондук сот өз өкүмүндө «Б.Каратев Чаңгет айылдык округунун башкы эсепчиси М.Мамытов менен алдын-ала макулдашып алып, ал тарабынан 10 000 сом акча каражаты мудатан ыйгарылып алынгандыгын билип туруп, анын кылмыштуу аракетине шериктеш болуп, кассадан 8 000 сом акча каражатын алып, бирок 18 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алгандыгы жөнүндө чыгыштоо ордерине кол коюуп берип, М.Мамытов тарабынан 10 000 сом акча каражатын өзүнө ыйгарып алышына шарт түзүп берген»- деп көрсөтүп, аны КР КЖКны 30-171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда (кылмышка шериктеш болуп, ага ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу же жок кылуу),171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда (ишенип берилген мүлктү кызмат абалын пайдалануу менен ыйгарып алуу же жок кылуу) жана 315-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка күнөөлү деп таап отурат.

Бирок, тергөө органдары дагы, сот дагы М.Мамытов менен Б.Каратаевдин алдын-ала макулдашып алгандыгын далилдеген эмес. Тескерисинче, сот өкүмүндө М.Мамытовдун минтип көрсөтмө бергендиги жазылган: «2014-жылдын 21-майында Б.Каратевдин атынан 18 000 сом акча каражатын чыгыштап, бирок мен ага 8 000 сом гана бергенмин. Ал эми 10 000 сом акча каражатын өзүмдүн иштериме жумшап жибергенмин».

Кана «алдын-ала макулдашуу?» Б.Каратаев ал 10 000 сомду М.Мамытовду «мурдатан ыйгарып алгандыгын» кайдан билүүгө тийиш эле? Акча берип жатканда М.Мамытов ага ошентип айткан бекен? Ал иштин ичиндеги кайсы далил менен коштолот? Минтип тастыктоого сот А.Коузевдин кандай акысы бар эле? Же ар бир сот өз фантазиясына, ой чабытына ылайыкташтырып өкүм токуй берсе болот деген мыйзам барбы? Өкүм иштин ичиндеги материалдарга, далилдерге гана негизделип чыгарылышы керектигин билбеген соттун адам тагдырын чечүүгө укугу барбы? Кеп мына ушунда.

Сот Б.Каратевди КР КЖКнын 171-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунда көсөтүлгөн кылмыштуу иш-аракететерди жасаган, б.а ага ишенип берилген 8 000 сомдун 3930 сомун кызмат абалынан пайдаланып өзүнө ыйгарып алган деп айыптап отурат. Бул айыптоо дагы сот А.Козуедин фантазиясынан келип чыккан айыптоо экендиги көрүнүп турат.

Бул акчанын 3000 сому  «Өзгөн Нуру» гезитине 2014-жылдын 5-сентябрында берилгени редакцияны квитанциясы тастыкталып турат. Аны сот «гезиттин кабарчысы Т.Адышевдин ишеничине кирип, аны алдоо жолу менен төлөнгөндүгү тууралуу жалган квитанция жаздыртып алып, өзүнүн жоопкерчилигинен чыгыштаган»- деп белгилептир. Бирок, соттун бул тастыктоосу бир дагы көрсөтмө менен коштолгон эмес, тескерисинче Т.Адышевдин мектеп жөнүндөгү материал өз убагында даярдалбай, ортодо кылмыш иши козголуп кеткендиктен 3000 сомду кайтарып бергендиги, аны Б.Каратаев кассага төгүп бергендиги жөнүндө көрсөтмөсү иштин ичинде тургандыгы, сотто да ошондой эле көрсөтмө бергендиги эске алынган эмес.

Калган 930 сомго Б.Каратаев тарабынан тастыктоочу документтер тергөөгө да, сотко да берилген эмес. Б.Каратаевди «бул акчаны жеп койдуң»-деп айтууга негиз бар. Бирок, анын канкакшап, «Ош, Өзгөн шаарларына барып, буйрутма берилген мектепке керектүү буюмдарды алып келдим»-деген көрсөтмөлөрүн эмне кылабыз? Же ал буюмдарды Б.Каратаев Ош шаарынан бери жонуна көтөрүп келиш керек беле? Деги эле, соттук изилдөөнүн максат-маңызы эмнеде? Күнөөсү болбосо да адамды бир илинчек таап, тагдырына балта чаап, соттоп жиберүүбү же адилеттикке жетүүбү? Бул суроого Б.Каратаевдин ишин караган соттор кандай жооп берээр экен? Сот А.Козуевдин М.Мамытов жок кылган 10 000 сомду дагы Б.Каратаевдин мойнуна илип «өзүнүн бул кылмыштуу аракетинин кесепетинин мамлекетке 13930 сом өлчөмүндөгү олтуттуу материладык зыян келтирген»-дегени адилеттүүлүкпү?

Ош областтык соту дагы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту дагы, райондук соттун бул алешемдигин оңдоп, сот адилеттүүлүгүн ордуна коюунун ордуна «мундир намысын» коргоо менен чектелип калганы кандай гана өкүнүчтүү.

Каратаев карайлап жардам күтүүдө

Өзгөн райондук сотунун 2015-жылдын 16-декбрындагы өкүмүн аткарууга багытталган Б.Каратаевден 400 000 сом айып пулду өндүрүү жөнүндөгү аткаруу барагы 2015-жылдын 30-майында Өзгөн райондук сот аткаруучулар бөлүмүнө келип түшүп, ошол эле күнү аткаруу өндүрүшү ачылат. Б.Каратевдин жашап турган үй-жайы жер участогу менен камакка алынат.

Ошондон бери бүтпөгөн ызы-чуу «Айып пулду төлөбөй жатат»-деген негизде сот аткаруучу Н.Жусупов эки жолу райондук сотко Б.Каратаевди камакка алуу өтүнүчү менен кайрылган. «Кудай сактады» болуп Б.Каратаев азырынча эркиндикте.  Бирок, эртең аны камап койбойт деген кепилдик барбы?

Б.Каратаевдин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына 2016-жылдын октябрь айында жазган арызына көнүмүш отписка берилип, аны «иттен чыгарып» коюшкан. Адам тагдырына кызыгып, ишти калыс чечүүгө жардам бере албаган Акыйкатчы институтунун деги кимге кереги бар?

2017-жылдын 7-февралында Б.Каратаев башкы прокуратурага да кайрылган. Анын кайрылуусу Ош областтык, андан Өзгөн райондук прокуратурасына жиберилген. Баягы эле көнүмүш жооп.

Бүгүнкү күндө акыйкатчылыктан үмүтү үзүлгөн Б.Каратаев бөөдө кесилип кетпеш үчүн бир кезде жакшы үмүт менен салып, мектепке өткөрүп берген китепкана менен ашкананы айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берүүгө, ошонун эсебинен райондук сот мыйзамсыз салган 400 000 сом айыппулду жабууга да даяр. Анын бул аргасыз сунушуна кулак салган мамлекекеттик бир дагы орган жок. Б.Каратаевге мыйзамсыз иш козгогон прокуратура дагы, мыйзамсыз соттолгон соттор дагы тымпыйгандан тымпыйышат.үмкүн бул ишке Жогорку Кеңештин тийешелүү эки комитети көз кырын салып, иликтеп көрөөр? Адам тагдыры менен ойногон, бир бечаранын 50 миң сом акчасын жеп алып, анан аны азапка, шорго салып койгон А.Козуев өңдүү сотторго мүмкүн алардын айтчу сөзү бар чыгаар?

Же, аларыбыз дагы ашмалтайы чыккан даяр, стандарттуу жоопторду айтып, тагдыры кылдын учунда турган шайлоочуларынын арыз-арманы көңүл сыртынан кетирип коөбу?

Күтө туралы.

Бабырбек Жээнбеков

Булак: “Алиби”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *