Карганбек Самаков, экс-депутат: “Элибизде бир өзөктүн даны, бир тамырдын каны болгон биримдик болсун!”

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

– Урматтуу Мекендештер! Кадырлуу достор!
Ордолуу Ошумду, өрүкзарлуу Баткенимди, Ильич шамдуу Жалал-Абадымды, чүйгундүү Чүйүмдү, Манас ордосу Таласымды, Касиеттүү Ысык-Көлүмдү, суу башы болгон Нарынымды жана 80-улуттун өкүлдөрүн кучагына алган түп-нускалуу, санжыралуу тарыхы бай Кыргыз элимди кирип келген 2020-жаңы жылы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын!
Ушул жылы ар бир үй-бүлөдө зор жетишкендиктер болсун!
Ар бир үйдө ырыскы менен ыйман толсун!
Тилеген тилегиңердин баарын жараткан Аллахым берсин!
Эли-журтубузда тынччылык, ынтымак болсун! Элибизде бир өзөктүн даны болгон, бир тамырдын каны болгон биримдик болсун!
Ар дайым бар болгула! Бактылуу болгула!

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *