Карыялык кадырды али да кызмат кызыкчылыгына тепсеткен Рүстөмбеков

Мезгил токтоп турбайт. Ага жараша адамзат да улам бирине көч изин бошотуп турат. Бирок, кашайып биздин карыялар мезгилдин да агымына каршы бой урушат. Мисалы, Жаныш Рүстөмбеков деген бир аксакал бар. Кадимки Эр Төштүк жомогундагыдай «отко салса күйбөгөн», бирок дегеле бир жарытылуу иш жасабаган Рүстөмоеков кайрадан сахнага мылжыйып чыга келди. Дегеним, 30-октябрь күнү Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 70 жаштагы «айтылуу» Жаныш Рүстөмбековду Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине дайындоого макулдугун берди. Комитеттен өттү деген сөз, бекиди деген эле сөз. Кут болсун! Деги, Үрүстөмбековго окшогон «динозаврлардан» качан кутулабыз?! Бул качанкы Жаныш? Жер каймактагандагы кадр да. 70 жаштын босогосундагы чалдан башка кадр жокпу? Тажрыйбасына, иш билгилигине карап коюп жатат дейли десек, кашайып Үрустөмбековдун жүргөн жерине чөп чыккан эмес. Бир жерди гүлдөтүп жибергенин уккан да, көргөн да эмеспиз. Деги ушул «саясый груптар» улам эле кайра баш көтөрө берип, элди да, журтту да жүдөтүп бүтүштү го…

Булак: “Де-Факто”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *