Карыз үчүн Кытай Кыргызстандан эмне сурайт?

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тышкы карызы 3 млрд 762 млн доллар, анын 45%ы Кытайга туура келет. Эксперттердин айтымында, 2025-жылы казынабызга аябай оор болот, кредиттер боюнча жеңилдетилген учур соңуна чыгып, Кыргызстан негизги карыз менен үстөк пайызын төгө баштайт.

Мамлекеттик карызды төлөө боюнча дүйнөдө кандай практика бар экени жөнүндө Кытай алдындагы карыздар боюнча адис, экономист Самюэль Паркер өз ойлорун ортого салды.

– Сырткы карыздарды таасирдүү пайдалануу боюнча кандай практика бар?

– Бардыгынан мурун, башка өлкөлөрдөн алган кредиттер ачык-айкын болушун айта кетели. Анда эч кандай коррупция элементтери болбоого тийиш, бардыгы ачык көрсөтүлүп турганы оң. Кредит келишимине кол коердон мурда, калк кредит кандай шартта, кайсыл максатка берилип жатканын билиши керек.

– Кыргызстан Кытайга төлөй турган карыздардын эң көлөмдүүсү 2025-жылга туш келет экен. Сиздин оюңузча, республика абалдан чыга алабы?

– Кытайга абдан көп карыз болгон беш өлкөнүн ичине Кыргызстан да кирет. Тенденция көрсөткөндөй, бүгүн башка сумма, а 2024-жылы карыздын көлөмү көбөйүп кетиши мүмкүн. Ошондо Кыргызстандын карызды төлөй турган бир нече түрү болот: биринчи – түз төлөмдөр. Балким, өкмөт ресурстарды тапканга аракет кылат: мисалы, каражат чогултуу үчүн салыктарды жогорулатат. Же билим берүү тармагындагы каражаттарды карызга которот.

Экинчи – бул түз эмес төлөмдөр. Мында Шри-Ланканы мисал кылсак болот. Шри-Ланка Кытайдан 1 млрд доллар алып, ири порт салган. Бирок өлкө Кытайга карызын төлөй албай, карыздын бир бөлүгү катары портту кытай тарапка өткөрүп берген. Кытай аны узак мөөнөткө ижарага алуу шарты менен алып, азыр киреше таап жатат. Эми ойлонуп көрөлү, Кыргызстандан Кытайга эмне керек? Эгерде мен өзүмдү алардын ордуна койсом, менимче, өлкөдөгү пайдалуу, баалуу кендери бар миниралдык ресурстар кызыктырмак.

– Тарыхта кээ бир мамлекеттердин карыздын бир бөлүгүн кечип койгон учурлары болгон. Бул жаатында Кыргызстан Кытай менен сүйлөшө алабы, келишимди кайра карап, карыздын бир бөлүгүн кечип дегендей…

– Балким, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, Кытай алдындагы карыздын бир бөлүгү кайра каралат чыгар. Бирок бардык сумма жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, Кытай бардык карызды кечип койбойт. Анын үстүнө өзгөчө Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесин эске алсак. Бул долбоордун алкагында Кытай 600 млн доллар бөлдү жана бир нече триллиондор жөнүндө да сөз болгон. Анан Кытайдын экономикасы стагнациядан өтүп жатканда, алардан дагы 70 өлкө кредит сурады, анан суроо туулат, Тажикстан, Шри-Ланка сыяктуу карыздары көп өлкөлөр турганда, Кыргызстандын карызын кантип кечип коет? Кытай карыздарды кечпейт. Алар салган инвестициясын үстөк пайызы менен алгылары келет. Ошол үчүн беришкен.

– Эл аралык практикада мамлекеттин карызын кечүү легитимсиз катары кабыл алынат. Эгерде карыз жалпы улуттук кызыкчылыктар үчүн эмес, өзүнө пайда көргөн режим тарабынан алынган болсо, анда бул өлкөнүн эмес, режимдин карызы болуп калат экен. Кыргызстан ушундай норманы колдоно алабы?

– Баары бир Кытай карыздарды кечпейт деп эсептейм. Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ызы-чууну эстейли, аткаминерлер камакка алынды, коррупция болгону ачыкталды. Бирок Кытай ал каражаттардан баш тартабыз деген жок да.

Дагы бир мисал, Малайзияда экс-президент мамлекет башында турганда, Кытайдан 34 млрд доллар кредит алган, анан ал каражатты өзүнө, үй-бүлөсүнө, коррупциялык схемаларга пайдаланган. Кийин Малайзиянын жаңы президенти келгенде, бул карыздар боюнча сүйлөшкүсү келген. Бир аз сүйлөшө алды, бирок Кытай бул жагынан  катуу турат экен. Алар: “Биз силерге акча бергенбиз, убагында бересиңер деп ойлойбуз” деп коюшкан.

– Жакынкы 10 жылдын аралыгында Кытайдын Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрү менен тышкы саясаты кандай болот деп ойлойсуз?

– Менимче, Кытай Борбордук Азияга болгон таасирин кеңейте берет. Мына, өткөн жумада көрдүк го, Гана Кытайдын Гонконгдогу саясатын колдоп чыкты. Бир карасаң, Гана каякта да, Кытай менен Гонконг каякта? Бирок Гана Кытайдан кредит алган, ошондуктан “кыңк” дебей Кытайдын айткандарына көнүп, саясатын колдоп олтурат. Мындан башка көп эле мисалдар бар, кредит алган далай өлкөлөр Кытайдын жетегинде.

Албетте, алдын ала бир нерсе деп айтуу кыйын, бирок биз бул региондо Кытайдын таасири күчтүү экенин көрүп жатабыз. Алар керек болсо, акырын Орусияны сүрүп чыкканга даяр. Ал эми карызды кандай түрүндө алат – акчалайбы же башкача формадабы, кеп ушунда.

Ал эми эгемендүү мамлекет болгон Кыргызстандагы туруктуу абалды – Кытай сөзсүз колдойт, бирок 20 жылдан кийин кандай болуп калат, аны мен айта албайм.

KyrgyzToday.kg кыргызчалады

Булак: akchabar.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *