Каржы министрлиги: “ЖЭБди жаңылоодо кредитти бир жерден алуу үчүн ЭксимБанкты тандаганбыз”

Бүгүн 30-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Бишкек жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрдү. Жыйында депутат Умбеталы Кадыркулов кредит эмне үчүн кытайдын ЭксимБанкынан алынгандыгына кызыкты.

“ЖЭБди жаңылоодо кредит эмне үчүн мөөнөтү аз, үстөк пайызы жогору болгон кытайдын ЭксимБанкынан алынган? Башка деле банктар бар эле го”, – деп сурады.

Каржы министринин орун басары Мирлан Байгөнчөковдун айтымында кредитти бир жерден алуу үчүн ЭксимБанкка кайрылышкан.

“Биз эл аралык уюмдарга кайрылсак, анда башка дагы бир нече уюмдарга кайрылууга туура келмек. Анткени мындай уюмдардын кражаттары чектелүү, көп суммадагы кредитти бере алышпайт. Ошондуктан биз кытайдын ЭксимБанкын тандадык”, – деди Байгөнчөков.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *