Каржы полициясы Өзгөн районунда психикалык жактан оору адамга айдоочунун күбөлүгү мыйзамсыз берилгенин аныктады

Каржы полициясынын Өзгөн районундагы бөлүмү Куршаб айылынын 1998-жылы туулган, акыл эсинин өсүшү боюнча артта калган С.К. аттуу жаранына Өзгөн райондук мамкатто кызматынын бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери 2017-жылы августта “ВС” категориясындагы айдоочулук күбөлүктү мыйзамсыз түрдө бергенин аныктады.

Тергөөнүн жүрүшүндө далилденгендей, С.К аттуу жаран 1998-жылдан тартып “Д” каттоосунда F7 -“акыл эсинин өсүшү боюнча артта калган – психикасы толук өнүкпөгөн же артта калган”  деген диагноз менен Куршабдагы үй-бүлөлүк медициналык борбордо турат.

Каржы полициясы топтогон материалдар боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 316-жана 350-жасалма документтерди жасоо беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *