Кашкар Жунушалиев, Ички иштер министри: “Кызматынан кыянатчылык менен пайдаланып, кесиптештеринин атына көө жаап, аң-сезимди терс жакка бургандарга милицияда орун жок”

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Жунушалиев Кашкар Астаканович менен болгон маегибизде ар качан айтылып келген реформа, тартип сакчыларынын көксөөсү болгон көтөрүлө турган маяна, ИИМдин ички кызматтык кызыкчылыкты саткан, мыйзамсыз кадамдарды жасаган, жалпак тил менен айтканда , кой терисин жамынган кызматкерлерден тазалануу иштери, жаңы мыйзамдар тууралуу кеп козгодук..

-Кашкар Астаханович, маегибизди жакшы маанай менен баштасак деп турам. Жакында, тагыраагы 2019-жылдын 25-июлунда “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамы кабыл алынып, ага ылайык милиция кызматкерлеринин айлык маянасы көтөрүлгөнү турат. Ушул жааттагы ток этээр кепти айтып өтсөңүз?..

– Ырас, туура белгиледиңиз. Аталган мыйзамдын талаптарына ылайык, айлык маяна 2020-жылдын 1-январынан баштап 40 пайызга чейин жогорулатылат. Ага улай азыркы учурдун негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп жаткан олуттуу маселе, убактылуу батирде турган кызматкерлерге белгиленгең тартипте компенсация төлөнөт. Болжолдуу айтсак, эгерде кызматкер Бишкек шаарында батирде жашаса 9 миң сом, ал эми региондо батирде жашаса 7 миң 500 сом кошумча акча каражаты төлөнөт. Андан тышкары, кызмат учурунда жаракат алган кызматкерлерге 14 миң сомдон, 20 миң сомго чейин мамлекеттик камсыздандыруу каражаттары төлөнүп берилет. Буюрса бул максаттар ишке ашса кызматкерлерге социалдык жаткан өбөлгө болуп, өлкөбүз үчүн коомдук тартипти сактоо дагы да жакшыраары турган иш.

– Дегеле, учурда кызматкерлерге түзүлгөн шарттар талапка жооп береби?

– Баардык аракеттер талапка ылайык келиши үчүн жасалып жатат. Алсак, реформа иштеринин алкагында, кызматкерлердин иштөө шартын жакшыртып, элдин коопсуздугун тиешелүү деңгээлде камсыздоо үчүн акыркы эки жылда республикадагы шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрунө караштуу 18 имараттын ачылышы болду. Азыркы учурда 16 имаратты ондоп-түзөө иштери жана 4 курулуш иштери пландалууда. 2015-жылдан баштап, 2019-жылга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата жалпы 595 батирлүү турак-жайлар курулуп, колдонууга берилген. Тагыраагы, Баткенде 24 батир, Беловодск айылында 44 батир, Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда 180 батир, Бишкек шаарынын Калык-Акиев көчөсүндө 207 батир, Токмок шаарында 40 батир, Жалал-Абад шаарында 100 батир.

– Айтып өткөнүңүздөй, кызматкерлерге үйлөрдү куруу бүгүн кандай ыргакта?

– Азыркы учурда 516 батирлүү турак-жайлардын курулуш иштери жүргүзүлүп жатат. Ош шаарында 240 батир, Бишкек шаарында 216 батир, Нарын шаарында 60 батир. Мындан тышкары, Талас шаарында 60 батир, Каракол шаарында 60 батир куруу иштери пландалууда. Бирок, республикалык бюджеттен тиешелүү акча-каражаттары бөлүнбөгөндүктөн, 516 батирлүү турак-жайлардын курулуш иштери токтоп турат. (бүгүнкү күндө 516 батирлүү турак-жайлардын 60-80% курулуштары аяктаган). Толугу менен курулуш иштерин аяктоо үчүн, жалпы 349 миллион 24 миң 110 сом акча-каражаты керектелет.

– Реформа алкагында деп айтып өттүңүз, ИИМди реформалоо эгемендиктен бери эле ээрчип келе жаткандай. Дегеле, реформа багытында азыр кандай иштер жүрүп жатат?

– Реформанын негизги өзөгүндө – натыйжалуу жетишкендиктерге жетүү турат. Андыктан, реформа багытында мурда жасалган реформалар жана бүгүнкү күндө жасалып жаткан реформалар тууралуу эки багытта маалымат берип өтөйүн.

Биринчи багыт – мурда жасалган реформалар: Ички иштер органдарын реформалоонун тарыхы 1998-жылдын 23-июлуна барып такалат, ошол күнү “Ички иштер органдарынын тутумун өнүктүрүү концепциясы” деген аталышта Өкмөттүн токтому кабыл алынып, иш-чараларды уюштуруу менен башталган. Ал учурда паспорт-визалык, өрт коопсуздугу, жазаларды аткаруу тутумдары ички иштер органдарынын курамында болгондуктан, маалыматтык технологияны өнүктүрүү боюнча “маалыматтык-банк” түзүү каралып, жыйынтыгы менен бул максат ишке ашпай калган. Андан кийин, 2005-жылы “Ички иштер органдарынын тутумун реформалоонун концепциясы” аталышындагы жобо кабыл алынып, криминалдык полиция түзүү, тергөө, эксперттик кызматтардын ишин шайкеш келтирүү, реформанын жаңы моделин иштеп чыгуу жана башка иш-чаралар каралып, тилекке каршы, ал да ишке ашкан эмес.

Экинчи багыт – азыркы учурда жасалып жаткан реформа боюнча: Азыркы учурда, ички иштер органдарындагы реформаны экиге бөлүп карасак болот, биринчиси, жалпы ишмердүүлүктөгү реформа, экинчиси, соттук-укуктук реформа. Ошого байланыштуу, мурда мерчемделип, бирок ишке ашпай калган жогоруда аталган концепцияларды, иш-мерчемдерди эске алуу менен 2018-2019-жылдары жалпы реформаны, аны менен бирге соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу үчүн 2018-жылдын 22-майында “Соттук-укуктук реформанын алкагында көрүлүүчү чаралар жөнүндө” улуу урматтуу Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун чечими кабыл алынып, анын негизинде Өкмөттүн жана Ички иштер министрлигинин буйруктары жана иш-мерчемдери иштелип чыгып, бүгүнкү күндө белгиленген тартипте иш-чараларды жүргүзүп жатабыз.

– Үстүбүздөгу жыл башынан тарта жаңы мыйзамдар жана жаңы кодекстер ишке киргенин билебиз. Натыйжасы кандай болууда?

-Ооба, 2019-жылдын 1-январынан баштап баардык ички иштер органдарында “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” жана “Бузуулардын бирдиктүү реестри” тутумдары ишке киргизилди. Анын ичинде, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Башкы прокуратура жооптуу болуп эсептелип, баардык ички иштер органдарына тутум киргизилген (105 точкага), ал эми Бузуулардын бирдиктүү реестрине Ички иштер министрлиги жооптуу болуп, жер-жердеги ар бир райондук ички иштер бөлүмдөрүнө тутумдар орнотулуп (135 точкага), жалпы 27 министрлик жана ведомстволор бузуулардын бирдиктүү тутумдарына туташтырылган. Жалпы 29 министрлик белгиленген, бирок анын ичинен 27 туташтырылган, Юстиция министрлиги жана жер-жердеги өз алдынча башкаруу органдары тутумга туташа элек, анткени каражаттары жетишсиз.

– Коомчулукту бир топ дүрбөткөн “Коопсуз шаар”долбоору 6оюнча эмнелерди айта аласыз?

– 2019-жылдын 4-мартынан баштап, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймактарында аппараттык-программалык комплекс орнотулуп, “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштады. Бишкекте 42 жерге аппараттык комплекс орнотулган, анын ичинде 38 көчө кесилиштеринде, 4 көпүрөнүн алдында. Андан тышкары, жылып жүрүүчү 5 комплекс иштеп жатат. Чүй облусунда жалпы 48 жерге аппараттык комплекс орнотулган (“Бишкек-Ош”, “Бишкек-Нарын”, “Бишкек-Чалдовар”, “Бишкек-Манас аэропорту”, “Бишкек-Кордай” участокторунда). Андан тышкары, 15 жылып жүрүүчү комплекстер иштеп жатат. Анын алкагында, 2019-жылдын февраль айында Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын имаратында “Мониторинг борбору” Премьер-министрдин катышуусунда ачылып, ишке киргизилди.

4-марттан баштап, 31-августка чейин “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жалпы 491 миң 722 жол кыймылынын эрежесин бузуу аныкталып, анын ичинен 201 миң 358 жол эрежесин бузуу боюнча айыптар төлөнгөн. Төлөнгөн айыптын жалпы суммасы 246 млн. 974 миң 330 сомду түздү.

Бүгүнкү күндө, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 306 жерге аппараттык комплекс орнотуу пландалып жатат. Анын 266сы стационардык, 40ы жылып жүрүүчү аппарат. Мындан сырткары, “Коопсуз шаар” системасын өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу менен, коопсуз көчө, коопсуз район аталыштагы баскычтарга жетүү үчүн Бишкек шаарынын 6 кичи районунда “Коопсуз район” аталыштагы долбоорун 2019-жылдын май айында ишке киргиздик, ал районго 72 даана видео-камералар орнотулуп, коопсуздук көзөмөлдөнүүдө (мэрия тарабынан, 1 млн. 500 сом бөлүнгөн). Ушундай эле долбоорду ишке ашыруу үчүн Бишкек шаарынын 11,12 жана “Асанбай” райондорунда видео-камераларды орнотуу үчүн, Бишкек мэриясы менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде 3 миллион сом бөлүнүүсү каралууда. Ошондой эле, Бишкек шаарында “Санариптештирилген Командалык борборун” түзүп жатабыз. Командалык борбордун негизги милдети, кылмыш болгон жерге кызматкерлерди ыкчам түрдө чыгаруу, коомдук коопсуздукту жана жол коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү координациялоо болуп эсептелет. Командалык борбордун курамы жалпы 74 штаттык бирдиктен турат, анын ичинен 20 офицердик, калган 54ү жалданма курам. Буюрса, жакын арада ачылышы болот. Ошого байланыштуу, Кытай Эл Республикасынын “Си-Ай-Си” мамлекеттик ишканасынан баасы 5 миллион 336 миң 221 АКШ доллары турган, адамды таануу жөндөмдүүлүгү бар 60 даана видео-камера жана аны иштетүүчү сервердик аппараттар менен санарип каражаттары алынып келинип, орнотуу иштери жүргүзүлүп жатат.

– Бүгүнкү учурда өтө актуалдуу болуп турган Ички иштер министрлигинин ичиндеги кызматтык кызыкчылыкты саткан, мыйзамсыз кадамдарды жасаган, жалпак тил менен айтканда, кой терисин жамынган кызматкерлерден тазалануу иши кандай деңгээлде жүрүүдө?

– Ооба, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткан, пара талап кылган, коомдун алдында милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирип, мыйзамды бузган кызматкерлерди тазалоого багытталган иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, жарандардын кайрылуулары менен арыздарын кароо учурунда кылмыштарды каттоону жашыруу, пара талап кылуу, орой мамиле кылуу сыяктуу фактыларга өзгөчө көңүл бурууда. Кызматтык тартиптин абалын баяндоонун алдында кыскача талдоого токтоло кетсем, 2019-жылдын 9 айында ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жалпы 4 729 тартип жана мыйзам бузуу аныкталып, былтыркыга салыштырмалуу 777 фактыга төмөндөгөн.

Белгилей кетсем, быйылкы жылы аныкталган фактылардын негизинде, 42 кызматкер ички иштер органдарынын катарынан, 128 кызматкер ээлеген кызматтарынан бошотулуп, калгандарына көзөмөлдүн начардыгы үчүн жетекчилери менен кошо тартиптик жазалар берилген. Арийне, Кыргыз милициясы кылымдык тарыхында өз атын дайыма бийик сактап келген! Милиция ар качан мыйзам жана тартип үчүн кызмат кылат. Андыктан, өз кесиптештеринин атына көө жаап, милицияга карата коомдук аң-сезимди терс жакка бургандарга бизде орун жок.

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *