Кашкарбек Жунушалиев: “Ымыркайларды сатуу боюнча жети дарыгерге айып тагылган”

Ички иштер министри Кашкарбек Жунушалиев бүгүн, 24-октябрда берген  пресс жыйынында төрөт үйлөрдө ымыркайларды сатуу иштери боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда аталган маселе боюнча 4 кылмыш иши козголгон.

“Алты адам убактылуу кармоочу жайда жайгаштырылган, ал эми бир адам үй камагында. Азыркы учурда биз аталган иштин деталдарын айта албайбыз, анткени иш купуя түрдө жүрүп жатат. Бирок тергөө бүтөрү менен баардыгы белгилүү болот,”-деди министр мырза.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында төрөт үйлөрдүн биринде башкы дарыгер өзүнүн орун басары менен жаңы төрөлгөн наристелерди сатууга шектелип камакка алынган. Кийинчерээк бул ишке тиешелүү деп дагы бир адам кармалган, ал №1 Үй бүлөөлүк медицина борборунун жеке клиникасынын кызматкери болуп чыккан. Андан ары шектүүлөрдүн саны өскөн, бирок ИИМ дарыгерлер ким жана кайда иштегенин айткан эмес.

Кийин сатып алуучулар Орусияда жашаган Кыргызстандын тургундары экендиги билинген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ымыркайларды сатуу боюнча үч факты чыккан. Медицина кызматкерлери маалымдамалардын жазып беришкен, алардын негизинде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр берилген. Андан сырткары, жабыркаган аял тарабынан жазылган арыздын негизинде төртүнчү кылмыш иши козголгон. Анын айтымында дарыгерлер ага төрөө мөөнөтүнөн эрте жасалма төрөт жасашкан. Бала тирүү болуп төрөлгөнүнө карабай дарыгерлер аны  өлүк төрөлдү деп айтып, жерге берүүгө денесин дагы бербей коюшкан.

Булак: KyrgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *