“Каттани” да үчилтикке биригет дейт

Майда-барат иштерге аралашпай, өзүн интригадан алыс алып жүргөн Өмүрбек Суваналиев деген генерал саясатчы бар. Көпчүлүк аны “Каттани” деп таанышат. “Каттани” калыстыктан тайбай, акыйкаттуулукту туу тутат. Бул киши да азыр аттуу-баштуу саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алдыдагы президенттик шайлоодо Келдибеков-Мадумаров-Ташиев үчилтиги менен чогуу бир команда болуп иш алып барууга ниеттенип жатканы ачыкталып жатат. Эгер “Каттани” да үчилтикке кошула турган болсо жарым жеңиш алардыкы болгону ырас. Суваналиевдин кадыр-баркы бир гана кызыл шапкечендердин ичинде гана эмес, коомчулуктун арасында дагы бийик. Көп адамдарды өзү менен кошо ээрчитип кеткенге жарайт. Мунун баары үчилтик бийликтин талапкерине негизги жана коркунучтуу атаандаш болуп баратканынын кабары.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *