Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Катуу сабалган Тайырбек Сарпашевдин туугандары аны жеке клиникага которуу үчүн ооруканадан алып чыгышты
Саясат

Катуу сабалган Тайырбек Сарпашевдин туугандары аны жеке клиникага которуу үчүн ооруканадан алып чыгышты

Кечээ, 6-октябрда катуу сабалган Тайырбек Сарпашевдин туугандары аны жеке клиникага которуу үчүн ооруканадан алып чыгышты. Бул тууралуу журналисттерге Бишкектин №1 шаардык ооруканасынан билдиришти.

Ошондой эле, алар ур-токмок учурунда Сарпашев бир нече жаракат алгандыгын айтышты. Абалы оор, бирок туруктуу деп бааланган. Туугандары мурдагы биринчи вице-премьер-министрди жеке медициналык мекемелердин бирине которуу үчүн бошотууну талап кылышты.

Эскерте кетсек, 6-октябрда УКМКнын имаратынын жанында мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди сабап кетишкен.

Алдын ала маалымат боюнча, нааразы болгон эл Тайырбек Сарпашевди президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен чаташтырышты. Күбөлөрдүн бири билдиргендей, Сарпашев катуу сабалган.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт