Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу башчысы деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт жана колдойт
Борбордук Азияда Саясат

Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу башчысы деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт жана колдойт

Казак президенти Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт. Бул тууралуу ал 13-октябрда өзүнүнүн Twitter социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады.

“Боордош Кыргыз элиндеги жагдайдын акырындап конституциялык жолго кайтканы кубантат. Биз бардык саясый күчтөрдү тирешүүлөрдүн алгачкы сааттарынан эле сабырдуулукка чакырып келдик. 

Президент Сооронбай Жээнбеков – мамлекеттин легитимдүү башчысы. Ошондуктан анын тирешүүлөрдү токтотуп, эл арасындагы акыбалды калыпка келтирүүгө багытталган аракеттерин колдоймун. Казакстан үчүн Кыргызстандагы туруктуулук стратегиялык өнөктөш жана шериктеш катары маанилүү болуп саналат“, – деп жазат Касым-Жоомарт Токаев.

 

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт