
Буга дейре маданият жана маалымат министри болуп иштеп келген Алтынбек Максутов 27-июлда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде кызматтан бошотулуп, министрдин милдетин аткаруучу болуп Түгөлбай Казаков дайындалган. Кечзз Жогорку Кеңеш коомдук ишмер, композитор жана публицист катары калың элдин катмарына таанылган Казаковдун талапкерлигин бекитти. Парламенттин жыйынына катышкан 106 депутаттын 105и “макул” деп добуш беришти. Бирөө каршы чыкты.
Булак: Фабула
Ой-пикир жок