Казакстан Эл биримдиги күнүн белгилөөдө

1-майда Нур-Султан шаарынын борбордук аянтында Казакстан элинин биримдик күнүнө карата майрамдык иш чаралар өтүүдө. Ага келген кишилер металлодетектордун текшерүүсүнөн өткөрүлүп жатат.

Борбордук аянт тосулган. Бул күнү нур-султандыктарды өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев куттуктады. Өз сөзүнө ал жарандарды “биримдикти сактоого” үндөдү. Борбордук аянтта аны улуу кызы, сенаттын спикери Дарига Назарбаева, премьер-министр Аскар Мамин, мажлис спикери Нурлан Нигматулин жана калаа акими Бахыт Султанов коштоп жүрдү.

Жергиликтүү ММКлар Назарбаевди борбордук аянтта балдар тосуп алганын жазышууда. Алар мурдагы президент өтүп баратканда ар улуттун бийлерин бийлеп турушту.

Алматыда дагы майрамга келген элдер алгач текшерүүдөн өткөрүлдү. Республика сарайынын аймагы тосулду. Концерттен мурун Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Ал Алматыга жумуш сапары менен келген.

Майрам “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы шаршембиде бир катар шаарларда акция өткөрөрүн жарыялаган маалга туш келди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *