Казакстан Президентинин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын даярдоо маселелери талкууланды

Кечээ, 29-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-казакстан ТИМдер аралык консультацияларга катышуу үчүн Бишкек шаарына келген Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыковду кабыл алды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоонун жүрүшүн талкуулашты жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектерин белгилешти.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *