Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймагында массалык башаламандык болду

Кечээ, 7-февраль күнү Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районундагы Манасчи айылынын тургундарынын арасынан мушташ чыккан. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыккан.

Жамбыл облусунун ички иштер бөлүмү: “Кордай районундагы Манасчи айылында топ адамдардын мушташы болгон. Полиция кызматкерлеринин күчү менен жаңжал басылып, учурда полициянын көзөмөлүндө” – деп билдирген.

Аталган факт боюнча Казакстандын Жаза кодексинин 293-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, жаңжалды козуткандар изделүүдө.

Жамбыл облусунун полиция департаменти бир гана расмий маалыматтарга ишенүүгө чакырып, социалдык тармактардагы тарап жаткан “фейк” маалыматтарга көңүл бурбоону айтты.

Бирок, Казакстан дунган бирикмесинин төрагасы Хусей Дауров Кордай районун Манасчы айылында ок атылып, абалдын оорлоп бара жатканын айткан. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги билдирет. 

“Полициянын айтканы менен Манасчи айылында абал оор болуп жатат. Келген жаш балдар ондогон үйлөрдү өрттөп, ок атылып, элдер сабалып жатат. Биз күч органдарын күтүп жатабыз. Полиция эч нерсе кыла албай жатат. Үйлөр күйүп жатат, өрт өчүргүчтөр келе элек.  Массалык мушташ болуп жатат. Башка айылдан келген адамдар жергиликтүү тургундарды сабап, ок атып жатышат” – деп билдирген Хусей Дауров.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *