Казакстанда 1-январдан тартып педофилдерди химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам ишке кирди

Казакстанда 1-январдан тартып жаш балдарды зордуктаган кылмышкерлерди химиялык жол менен бычуу боюнча мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралу Tengrinews.kz маалымат агенттиги билдирет.

Жаш балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын бир чоң пакетине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 2016-жылдын апрелинде кол койгон. Анын ичинде педофилдерди химиялык жол менен бычуу нормасы да бар.

Ошондой эле бул мыйзам боюнча мындан кийин жаш балдарды зордуктаган кылмышкерлерге шарттуу түрдөгү кылмыш жазалары каралбайт, аларга сөзсүз түрдө түрмөдө жазасын өткөрүү өкүмдөрү чыгыш керек. Жазасын өткөрүп жаткан педофилдерге эч кандай аминистия берилбейт же жазалары жеңилдетилбейт, кыскартылбайт.

Соттун чечими менен педофилдерге атайын химиялык таблеткалар ичирилип, химиялык бычуудан өткөрүлөт. Бул процедураны ишке ашыруу үчүн Казакстандын саламатчылыкты сактоо министрлиги атайын эрежелерди иштеп чыгып, ал да 1-январдан баштап ишке киргизилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *