Казакстанда аткезчилик менен соттолгон кыргыз депутатынын өкүмү күчүндө калтырылды

Алматынын аппеляциялык соту КР Жогорку Кеңешинин экс-лепутаты Дамирбек Асылбек уулунун ишин карап, мурда чыккан өкүм күчүндө калтырылды. Ага “экономикалык аткезчилик” жана “тарнсулуттук уюшкан топту түзүп, жетектеген” деген айып коюлуп, эркинен 10 жылга ажыратылган.

Белгилей кетсек, тергөөнүн жыйынтыгында Казакстандын мамлекеттик казынасы айыпталгандардын айынан 99 млн теңге (255 миң доллар) зыян тарткан деп чыгышкан.

Эскерте кетсек, Дамир Асылбек уулу менен биргеликте Кыргызстандын дагы эки жараны – 39 жаштагы Уланбек Мурадилов жана 34 жаштагы Чынгыз Абакировдор соттолгон.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *