Казакстанда «Байтерек Development» компаниясынын топ-менеджерлери кармалды

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук бюро өткөн аптада жемкорлукка шектелип «Байтерек DEVELOPMENT» компаниясынын топ-менеджерлеринин кармалганын жарыялады. «Байтерек DEVELOPMENT» жетекчилигине пара берген курулуш компаниясынын өкүлдөрү дагы камалды.

Антикоррупциялык кызмат билдиргендей, сот «Байтерек DEVELOPMENT» башкармалыгынын төрагасы Аслан Жакуповду, мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк дирекциясынын жетекчиси Бауыржан Айтимбетовду, башкаруучу директор Газиз Сариевди жана мурдагы башкаруучуну, ошондой эле Project City Group курулуш компаниясынын төрт кызматкерин камоо боюнча чечим чыгарды.

Тергөөчүлөр «Байтерек DEVELOPMENT» компаниясынын топ-менеджерлери “Нурлуу жол” мамлекеттик программасынын алкагында турак-жай курууда курулуш компаниясынын кызыкчылыктарын сүрмөлөө үчүн 288 миллион теңге пара алышкан деп айыпташууда.

«Байтерек DEVELOPMENT» «Байтерек» холдингдин туунду ишканасы болуп эсептелет. Компания “Нурлуу жол” мамлекеттик программасынын алкагында турак-жай куруу менен алектенет. Ал ошондой эле Астанадагы EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсү үчүн объектилерди салууда жана көйгөйлүү үлүштүк курулуш объектилерин каржылоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *