Казакстанда бийликтен кысым көргөн журналист өлкөсүнөн чыгып кетти

Radiotochka.kz сайтыны башкы редактору Бекжан Идрисов коррупцияга каршы кызматтын кысымынан улам Казакстандан чыгып кеткенин билдирди. Журналисттин Фейсбуктагы баракчасына жазганына караганда, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча бюронун тергөөчүлөрү андан Radiotochka.kz порталынын ээси Бигелди Габдуллинге каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышкан.

Central Asia Monitor гезитинин башкы редактору жана Radiotochka.kz ресурсунун негиздөөчүсү Бигелди Габдуллин өткөн айда камалган. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын версиясы боюнча ал өз көзөмөлүндөгү ММКларга мамлекеттик органдардын жетекчилери жөнүндө терс маалыматтарды чыгарып, аларга карата маалыматтык чабуул жүргүзгөн. Андан соң сын макалаларды жарыялоону токтотуу үчүн аткаминерлерди опузалап, жеке медиаресурстары үчүн алардан мамлекеттик буйрутмаларды талап кылып келген.

Бекжан Идрисовдун айтымында, тергөөчүлөр андан эл алдында Габдуллиндин иши боюнча пикир айтууну токтотууга үндөшкөн. Андан соң жалган көрсөтмө берүүгө айыптап, башкы редактор менен бирге абакка отургузуп коюшарын айтып коркутушкан. Бул арада прокуратура Идрисовго издөө жарыялаганы кабарланууда.

Бекжан Идрисов коопсуздугун камсыздоо максатында кай жакта экенин ачыкка чыгарган жок. Ал Казакстандан үч жума мурун чыгып кеткен, кечээ үй-бүлөсү дагы анын жанына келди.

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура Бекжан Идрисовдун билдирүүсү боюнча азырынча түшүндүрмө бере элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *