Казакстанда таажывирустан бүгүн биринчи адам каза болду

Бүгүн, 26-мартта Казакстанда таажывирустан казак жараны (аял киши) каза болду. Бул тууралу өкмөттүн брифингинде өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев билдиргенин казак массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

“Тилекке каршы, бүгүн таажывирустан Казакстандын жараны каза болду. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Биз баарыбыз оор кайгыга тушуктук. Эртең Нур-Султан шаарынын саламаттыкты сактоо башкармалыгы маркумдун медициналык абалы боюнча толук маалыматты таратат”, – деди Абаев.

“Бул окуя таажывирустун коркунучтуу экендигин бизге дагы бир жолу эскертет. Азыр болуп жаткан окуялардын баары биздин баарыбыз үчүн чоң сыноо. Врачтардын үйдөн чыкпай олтуруу керектиги, байланыштарды токтотуу, карантин жана өзгөчө абал эрежелери тууралу бардык талаптарын аткаруу керек”, – деп кошумчалады министр Абаев.

Белгилей кетсек, Казакстанда таажывирусун жуктуруп алгандардын саны 109га жетти. Өлкөдө 16-марттан бери өзгөчө кырдаал абалы киргизилген. 19-марттан тарта Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге алынган.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы типтеги таажывирусту “пандемия” деп жарыялаган. Аталган уюмдун маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө 414 миңден ашуун адам таажывирусуна чалдыккан, 18 миңден ашык киши илдеттен улам каза тапкан.

Булак: «KyrgyzToday»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *