Казакстанда бүгүн бир эле күндө коронавирус жуктуруп алган 4 киши катталды

Бүгүн, 13-мартта Германиядан Алматыга учуп келген 44 жаштагы казак жараны коронавирусту жуктуруп келгени такталды.  Бул тууралу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарип билдирди.

Алматынын 1976-жылы туулган тургуну Германиядан катардагы авиакаттам менен учуп келген. Азыр ал диагнозу тастыкталып, Алматыдагы ооруканалардын бирине жаткырылды. Бул бүгүн, 13-мартта коронавирус диагнозу аныкталган төртүнчү казакстандык жаран.

Буга чейин Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов бүгүн, 13-мартта 3 казакстандык жарандан коронавирус инфекциясы табылганын расмий билдирген.  Алардын экөөсү Германиядан ( 1974-жылы туулган эркек менен, 1984-жылы туулган аял) Алматыга, бири Миландан (Италия) Нур-Султанга учуп келишкен казакстандыктар.

Андан сырткары Германияда бир казак жараны коронавируска шектелип, ооруканага жаткырылган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *