Казакстанда ислам партиясы түзүлөбү?

“Казакстанда диний өңүттөгү саясый партия түзүүгө мүмкүнбү?” деген суроого Abai.kz порталынын автору Абил-Серик Алиакбар жооп издеген.

“Өлкөдө калктын 90%ы – мусулмандар, эмнеге Конституцияда бекитилген алардын укуктары эске алынбашы керек? Өнүккөн демократиялуу өлкөлөрдө диний өңүттөгү саясый партиялар шайлоолорго катышып келет. А эмнеге бизде мусулмандарды парламентке алып келгилери келбейт? Бул боюнча Казакстандагы ар бир мусулман ойлонушу керек”, – дейт автор.

Кыскасы, автор Казакстанда исламдын орношун тилейт окшобойбу. Мындай ойлор бизде дагы жок эмес. Биздин өлкөлөр кашайып дал ошол өнүккөн демократиялык өлкөлөрдөй боло албай жатпайбызбы. Динди саясатка аралаштыруу чатак иш эле, бу казак тууган эмненин башын кылтыйтып жатат, ыя?

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *