Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны 7 миңге чукулдады

Коңшу Казакстанда кечээ, 19-майда сутка ичинде дагы 218 жарандан коронавирус илдети аныкталган. Муну менен аталган өлкөдө ооругандардын жалпы саны 6 миң 969га өсүп, анын 3 миң 598и илдеттен арылды. 35 бейтап каза болду.

Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, Алматы облусунда жарандардан коронавируска тест алуу мерчемделүүдө. Тагыраагы, күнүнө 5 миң адамдан тест алынып, аймактагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө пландалып жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *