Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 9га жетти. Алардын арасында 12 жашар кыз бар

Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 8ге жетти. Алардын арасында жаш бала бар. Бул тууралуу Казакстандын ММКлары  15-мартта жазып чыкты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшариптин айтымында, ооругандардын арасында 2008-жылы туулган өспүрүм кыз бар. Ал Германиядан келген. Коронавируска анализ тапшырып, жыйынтыгында илдет табылган.

Ошентип, Казакстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 9га жетти. Алматы шаарында – 7, Нур-Султанда – 2.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустун жайылышына каршы күрөшүү үчүн өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *