Казакстанда мунапыс менен эркиндикке 28 миңдей адам чыгышы мүмкүн

Көз карандысыздыктын 25 жылдыгына байланыштуу кабыл алынган мыйзамга кол койгон президент Нурсултан Назарбаев 13-декабрда калкка видео кайрылуу да жасады.

Назарбаевдин айтымында, бул жолку мунапыс мыйзамынын таасири ар кандай деңгээлде 28 миңдей адамга тийиши мүмкүн. Абак жайлардан бир жарым миңдей адам бошотулуп, алардын 80% көзөмөл астында болот.

Мунапыс мыйзамын президент Нурсултан Назарбаев өз кайрылуусунда “боорукерлик актысы, үмүт, мекендештерге карата кечирим” деп атап, ал калктын социалдык жактан аяр катмарын: жашы жете электерди, балдары бар аялдарды, кары адамдарды камтый турганын да кошумчалады. Өзгөчө коркунучтуу кылмыш жасагандар мунапыска илинбейт.

17 миллион калкы бар Казакстандын абактарында азыр 36 миңдей адам олтурат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *