Казакстанда Нур-Султанга кирүүгө уруксат берүүнү талап кылган жарандар жол тосушту

11-майда Казакстандын Акмоло облусундагы Каражар айылынын тургундары Нур-Султандын кире беришиндеги блокпостторду алууну жана шаарга кирүүгө уруксат берүүнү талап кылып, калаага бара турган жолду тосушту.

Жергиликтүү жашоочу Алма Бокашеванын айтымында, борбор калаадан эки чакырым алыстыкта жайгашкан айылда электр энергиясы, суу жана интернет жок. Тургундардын көбү шаарда иштеп жан багышат.

– Балдарыбыз карантинден улам туш-тушка тарап кетишкен. Алар айына 65 миң теңге (150 доллардан ашык) тапса, батирге 65 миң теңге төлөшөт. Мындай шартта кантип ачка калбаш керек? Нур-Султанда отурган бийлик өкүлдөрү бул жөнүндө ойлошобу?», — деди ал.

Чогулгандардын алдына Целиноград районунун акими Бахидбек Оспанбеков чыгып, Нур-Султан акимчилигинин өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүн айтты. Ал жарандар атайын тизме түзүп, баш калаа акимчилигине жөнөтүшсө, алардын шаарга кирүүсүнө уруксат берилиши мүмкүн экенин билдирди.

Каражар айылынын башчысы тургундарды тынчтыкка чакырып, атайын тизме түзүү үчүн каттоого тууруну сунуштады. Чогулгандар бул сунушка макул болуп, көп өтпөй үйлөрүнө тарап кетишти.

Казакстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу 16-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. 19-мартта Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге жабылган. 11-майда өзгөчө абал аяктаганы менен карантиндик чаралар күчүндө калды. Ири шаарлардын кире бериштериндеги блокпосттор алынган жок. Ошол эле маалда карантиндик чаралардан улам жумушсуз калган жарандарга 42 500 теңгеден каржылык жардам берүү токтотулду.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 5207 кишиге жетти. Алардын ичинен 2 миңден ашыгы айыгып чыкса, 32 бейтап каза болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *