Казакстанда полиция Акордо алдында пикет өткөргөн пенсионерди бошотту

Саясий туткундарды колдоп,  Акордо президенттик резиденциясы менен Жогорку соттун каршысындагы министрлер үйүнүн алдында пикет өткөргөн пенсионерди полиция кармап кетип, бир нече убакыттан кийин бошотту.

Улгайган активист менен кошо анын уулу Талгат Райбаев да камалган, ал дагы үч саат өткөндөн кийин бошотулду.

Раиса Дюсембаеванын айтымында, полиция аларга оозеки түрдө плакат менен пикетке чыгууга болбой турганын эскерткен. Ошол эле маалда аларга эч кандай түшүнүк кат жаздырышкан эмес.

Кечээ жарандык активист Раиса Дюсембаева Казакстандын саясий туткундарынын жана Жаңы-Өзөн окуясынын сүрөттөрү түшүрүлгөн плакатты үстүнө кийип министрлер үйүнүн алдында пикетке чыккан. Аны баласы Талгат Райбаев видеого тартып турган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *