Кыргыз-казак чек арасында мыйзамсыз кирген 9 тонна ун, 35 баш мал кармалган

Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Алардын айтымында, кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук өткөрмө пункттарына жакын жерден ун, буудай, түтүктөр, ири мүйүздүү малдарды жана башка товарларды алып келүүдө мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Тагырагы,  9 тонна ун, 50 тонна буудай, 35 баш ири мүйүздүү мал, ар биринде 40 тонна көлөмүндөгү күйүүчү май ташуучу 2 бочкасы бар унаа кармалган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *