Казакстанда жүк ташуучу поезд аварияга учурады

Алматы облусунда рельстен жүк ташуучу вагондор чыгып кеткенине байланыштуу онго чукул жүргүнчү поезд орто жолдо токтоп турат.

«Казакстан темир жолы» (КТЖ) компаниясы маалымдагандай, Саз станциясына жакын Алматы – Отар тилкесинде 12 жүк ташуучу вагон жолдон чыгып кеткен. Буга чейин аварияга 9 вагон кабылганы кабарланган эле.

Кырсыктын айынан кеминде эле сегиз жүргүнчү поезд орто жолдо токтоп турат. Каза болгондор жана жаракат алгандар жок. Авариянын себептерин иликтөө үчүн атайын комисия түзүлдү.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *