Казакстандын жарандарына өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды

Казакстандын жарандарына 15-апрелге  чейин өлкөдөн сыртка чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу  бүгүн, 16-мартта Казакстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, бул тыюулар дарыланыш үчүн башка өлкөлөргө барууга мажбур болгондорго тиешелүү эмес. Бирок алар алдын-ала Казакстандын саламаттыкты сактоо министрлигине сөзсүз түрдө билдирүүсү керек.

15-мартта өлкө башчы Касым-жомарт Токаев Казакстанга 16-марттан 15-апрелга чейин өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда 9 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *