Казакстанга орусиялык истребителдер берилди

Казакстандын аскер кызматкерлери орусиялык Су-30СМ учак-истребителин алышканын билдиришүүдө. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин таркаткан маалыматына караганда,  армияга төртүнчү муундагы Су-30СМ истребителдери келди. Алардын саны жана абадагы, кургактыктагы, суу алдындагы объектилерди талкалоо мүмкүнчүлүктөрүн министрлик ачыкка чыгарган жок.

Аскер кызматкерлеринин маалыматына караганда, учактардын партиясы келди. Казакстан Коргоо министрлигинин сайтында болсо алардын бирөөсүнүн гана сүрөтү жарыяланган.

Министрлик кабарлагандай, Казакстан менен Орусиянын макулдашуусунун алкагында Су-30СМ учактарынын биринчи партиясы 2015-жылы келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *