Казбек Черный Москванын чокортосунда ок атышканы үчүн жоопко тартылат

Казбек Билалов башкаларга Кыргызстандан келишкендерден “салык” жыйнаган «вор в законе» Азиз Батукаевдин жакын жанжөкөрү катары кеңири таанымал.

Москванын Дорогомиловский сотуна криминалдык «авторитет» Казбек Билаловго (Казбек Черныйга) байланышкан кылмыш ишинин материалдары келип түштү. Ал Москванын чокортосунда автоматтан ок атканы менен “даңк алган”. Арийне, ал оперативниктерге Кыргызстандан келишкендерден “салык” жыйнаган «вор в законе» Азиз Батукаевдин жакын жанжөкөрү катары кеңири таанымал.

Казбекке жана анын инисине байланышкан кылмыш ишинин материалдары Дорогомиловский сотуна 24-июлда келип түшкөн. Аларга хулиганчылык (РФ Кылмыш Кодексинин 213-статьясы) жана күч колдонуу менен акча талап кылуу (РФ Кылмыш Кодексинин 163-статьясы  боюнча айып тагылууда. Экөө тең дароо эле күнөөлөрүн моюнга алышкандыктан, бул соттук угуулар узакка деле созулбайт, ал тургай алар бул ишти өзгөчө тартипте — ​соттук териштирүүсүз эле кароону дагы суранышкан.

Соттук материалдарга караганда, Казбек Билалов 2016-жылдын 26-июнунда түнкү саат 0:45те Mercedes Gelandewagen автомашинасында Тарас Шевченко атындагы жээк көчөсүндө бара жатып, 15-үйдүн жанына келгенде машиналар жана адамдар көп топтолгон жерде хулиганчылык жосундан улам терезеге карай автоматтан ок чыгарган. Өтүп бара жатышкандар бул тууралуу дароо полицияга кабарлашкан. Саат 12:10до оперативниктер анын машинасын Можайский Вал көчөсүндөгү 3-үйдүн жанынан табышкан. Mercedes багажнигинде октору атылган Калашниковдун автоматы калган. Ошондуктан, Билалов бир гана хулиганчылык боюнча айыпталууда. Ок атуу учурунда анын жанында иниси да болгон, бирок, ал эч ок чыгарбагандыктан, аны камакка алышкан эмес. Бул иш кийинчерээк болду.

Бул кылмыш иши массалык маалымат каражаттарында чоң резонанска ээ болду. Казбек Черныйдын камакка алынганын билген соң, бир бизнесмен бир тууган ага-ини Билаловдор андан коркутуу жолу менен акча талап кылышкандыгы жөнүндө арыз жазып кайрылган. Бул факт боюнча 28-июнда кылмыш иши козголгон. Ошол иштин алкагында Казбектин иниси дагы камакка алынган. Кийинчерээк Казбек Черныйдын өзүнө РФ Кылмыш Кодексинин 163-статьясы боюнча айып тагылган.

Казбек Билалов Кыргызстанда кыйла эле жакшы таанымал инсан. Ал 1994-жылы талап-тоноочулук кылганы үчүн соттолгон, андан беш жыл өткөндөн кийин зордуктап акча талап кылгандыгы үчүн дагы жаза мөөнөтүн алган. Адан соң талап-тоноочулук, мыйзамсыз өзүм бидемдик кылуу (самоуправство), денеге оор жаракаттарды келтирүү ж. б.д.у.с. кылмыштар боюнча айыпталган. Кыргызстанда ал адегенде Азиз Батукаевдин (Азиз) тобунун мүчөсү болуп жүргөн, андан кийин ал Камчыбек Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобуна өткөн. 2011-жылы Черный Казбек Кыргызстанга келишип, борбордо иштеп жатышкан бизнесмендерге салык жыйноо үчүн Москвага барган (Көлбаевдин өкүлү катарында). Бирок, тез эле аны РФ ИИМинин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү (ГУБОП) башкармалыгынын кызматкерлери кармашып, өз мекенине экстрадициялашкан, ал жакта ал кезектеги талап-тоноого айыпталып жаткан болчу.

Билалов россиялык сотто аны кайра Кыргызстанга берип салбоо үчүн жанталаша аракет кылып күрөштү. Ал экстрадицияланса, ал жактан зомбулук күч колдонууга (пытки) туш болорун билдирди. Мындан сырткары, Билалов өзүнө Россия Федерациясынын территориясында качкын статусунун берилишине далалаттанууда.

2012-жылдын май айында Жогорку сот Генпрокуратуранын жана Мособлсуддун Билаловду экстрадициялоо жөнүндөгү чечимин жокко чыгарган. Бул формалдуу негиздерге таянуу аркылуу жасалган: Көрсө, Кыргызстандан кайтарып берүү жөнүндө келген материалдарда анын талап-тоноочулук кылган датасы алмашылып калган экен. Черный Казбек эркиндикке чыккан соң, ошентип, Россияда кала берген.

Дагы бир жылга жетпеген убакыт өткөн соң, Россияга «вор в законе» Азиз Батукаев да келип калды. Биздин агенттикке маалымат булагыбыз билдиргенине караганда: «Соңку жылдарда Казбек Черный кайрадан Азиз менен чогуу иштей баштаган. Ал „вор в законе“ өзү Москвага келбейт, ал Чечняга отурукташып калган, ал эми Билалов анын борбордогу өкүлү болуп калган. Анын кызыкчылык объектисинде бардык Кыргызстандан акча табууга келишкендер болуп калышкан: базарда иштешкендерден баштап, ири бизнесмендерге чейин».

Азиз Батукаев 2006-жылы Кыргызстандын жараны болгондуктан, ал жакта курал сактагандыгы үчүн жана түзөтүү колониясында тополоң уюштургандыгы үчүн 16 жылга эркинен ажыратылган болчу. Арийне, 2013-жылы сот күтүүсүздөн эле Батукаевди бошотуу тууралуу чечим кабыл алган, себеби анын адвокаттары ал кандын рак оорусу менен ооругандыгы тууралуу документтерди беришкен. Ал колониядан чыккан күнү эле дароо Кыргызстандан чыгып кеткен.

Кийинчерээк Батукаевди бошотуу тууралуу чечим жокко чыгарылган, Кыргызстандык бийлик ага издөө жарыялап, Россияга аны кайра экстрадициялоо жөнүндө сураныч жөнөткөн. Бирок, 2014-жылдын күзүндө Кыргызстанга «криминалдык генерал» Чечняда камакка алынгандыгы, андан жергиликтүү Ленин райондук соту тарабынан мыйзамсыз курал сактагандыгы үчүн үч жылга соттолгондугу жөнүндө жооп жөнөтүлгөн. Ошондуктан аны бул жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнгө чейин Кыргызстанга экстрадициялоо мүмкүн эмес деп айтылган.

«Росбалт» агенттигинин маалыматтары боюнча, 2015-жылы эле Батукаев табышмактуу түрдө кайрадан эркиндикке чыгып калган. Бирок ал (өзүнүн укуктук статусунун так аныкталбагандыгына байланыштуу) Чечнянын территориясынан сыртка көп чыкпаганга аракет кылат. Ошондуктан, анын «криминалдык цех» боюнча өнөктөштөрү ага республикага барып жолугуп турушат. Азизде ар кайсыл мезгилде ар кандай «вор в законелер болуп турушат», кээде алар ал тургай бүтүндөй бир жыйын (сходка) курган учурлары да болот. Арийне, жергиликтүү укук коргоо органдарын андай визитчилер көп деле кызыктыра беришпейт.

Орусчадан которгон: Ишенбек Муртазаев

P.S. Дал мына ушундай, урматтуу окурман!.. Мына азыр бир кезде кыргыз бийлиги тизе бүгүп, тез арада керектүү иштердин баарын жасап, кагаз-документтерин иретке келтиришип, андан соң, өзгөчө шаани менен “узатып коюшкан” кримтөбөлдөр чет жакта ээн-эркин чардап жүрүшкөн кез… Алардын колдорунан канча бейкүнөө жарандарыбыз жабыркашканы, канча адамдардын кандары төгүлгөнү эч эске алынган эмес. Андай аракеттердин ордуна, мурдагы акыйкатчы сөрөйдүн “тез бошотуп койбосок, бир айга жетпей өлүп калат!” деп, Батукаев үчүн күйүп, талпылдап чуркап жүргөнү али унутула элек… Баса, эл арасында кримтөбөлдөр менен жогорку бийликтегилер кээде табакташ боло калышып, кызыкчылыктары дал келе калганда “чогуу” аракет кылып жатышабы деген сыяктуу да ар кандай түкшүмөлдөр жарала калып жүргөнү бекеринен эмес. Криминалдын өзгөчө жандануусу, айрыкча, эл тагдырын, өлкө тагдырын чечүүчү жергиликтүү шайлоолордон баштап, парламенттик жана президенттик шайлоо учурларында “синхрондуу” түрдө болуп жаткандыгы ачык байкалып турат. Азыр да массалык-маалымат каражаттарында айрым кримтөбөлдөр ар ткандай талапкерлерге иштей башташканы тууралуу такталбаган маалыматтар таратылып жатат. Эгерде бул сыяктуу сөздөр чын болсо жана да мындай кырдаалдар акыйкат шайлоо өткөрүү жыйынтыгына өз таасирин бере турган күчкө ээ болсо, анда биз “жаран укуктары”, “демократиялык тандоо”, “ укуктук мамлекет”, “эркин шайлоо” ж. б. дагы ушул сыяктуу кооз сөздөрдү күндөлүк турмушубузда мүмкүн болушунча азыраак колдонуп жүрсөк жакшы болмок. Кооз сөздөрдү көп колдонгондон көрөкчө, калыс шайлоо өткөргөнгө колубуздан келишинче умтулсак, жалпы элдик максатка ылайыктуу болмок…

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *