Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал-лейтенант: «Биз президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди сүрөйбүз»

Бүтүндөй өмүрүн өлкөбүздүн коргонуу, коопсуздук, укук тартиби жаатына арнаган генерал-лейтенант ушул күндөрү өткөн-кеткен күндөрүн чубалгыдан өткөрүп, элибиздин социалдык, экономикалык кризиске эле эмес, жандүйнө, руханий жактан да жарды болуп жатканыбызга кейип, ушул жаатта күрдөөлдү иш баштап турган кербези. Ошол себептенби, саясаттан башталган соболдорубузга болбой эле буйтактап, руханий караңгылыгыбызга жооп издеген аргументтерин ортого сала отурду.

– Кеңешбек мырза, соңку убакта эрмегиңиз Чүй кланын, анын ичинде Сарыбагыш уурусунан чыккан өкүлдөрдү чогултуп, тар чөйрө ичинде кыргызга Сарыбагыштан чыккан эле хан ылайыктуу экенин, бул орунга баардык жагынан Канатбек Исаев шайма-шай келээрин кыйытып жаткандыгыңыз чынбы? Алгач өзүңүзгө карата багытталган ушундай күбүр-шыбыр кептердин башын ачып бербейсизби?

– Өзүң билесиң, былтыр Кытайдагы ШКУнун (Шанхай Кызматташтык Уюму) баш катчысынын орун басарлык кызматын өткөрүп, Кыргызстанга келгенден кийин саясаттан бир аз четтеп, өз иштериме, анын ичинде үй-бүлөмө көбүрөөк убактымды арнап, өткөн-кеткен күндөрдү таразалап, кыскасы, өзүмө көбүрөөк көңүл бөлгөнгө убакыт табылган. Бирок, өмүр бою саясат, кызматтарда жүргөн соң, такыр эле кол куушуруп, саясаттан четтеп калыш да кыйын экен. Жакындан тарта өзүбүздүн пикирлеш, үзөңгүлөш, көз караштарыбыз дал келген инсандар менен биргеликте «Улуу Жибек Жолу» аталышындагы маданиятты, гуманитардык байланыштарды чыңдоо боюнча коомдук фонд ачтык.

Ошонун негизинде Кытай, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан баштаган «Улуу Жибек Жолу» каттамы өткөн мамлекеттердеги коомдук фонддор, уюмдар менен байланышып, өз ара эл аралык мамилелерди чыңдоо, маданий, гуманитардык алакалар боюнча иштерди аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз. Президентибиз Алмаз Шаршенович Атамбаев быйылкы жылды өзүнүн жарлыгы менен «Маданият жана тарых» жылы деп жарыялабады беле? Ушул багытта да биз өзүбүздүн салымыбызды кошуу боюнча колдон келген көмөгүбүздү тийгизүүнүн максат кылып, алдыда бир топ иштердин өтөсүнө чыгууну пландап турабыз.

Андан тышкары, өзүбүздүн жакшы санаалаш, мамилелеш адамдар менен биргеликте «Сарыбагыш-Тагай Бий уулу» деген коомдук бирикме ачканбыз. Тагыраагы, ата-бабабыздын басып өткөн жолун, тарых, санжырабызды тактап, өсүп келе жаткан муунду ата-бабадан калган баалуулуктардын негизинде тарбиялоого багытталган иштерди жасоону ниет кылып турабыз. Бирикмебиздин биринчи курултайын 5-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында жер-жерлерден келишкен 450 чамасындагы делегаттардын, тарыхчылардын, кырк уруунун өкүлдөрүнүн, аксакалдардын, депутаттардын катышуусунда өткөрүп келдик.

Соңунда бабабыз Тагай бийдин, Манап бийдин, Калыгул олуянын арбактарына багыштап Куран окутуп келдик. Сенин соболуңда айтылган Чүй кланын, Сарыбагыш уруусун чогултуп, жеке Канат Исаевди келээрки ажолукка түртмөлөө боюнча курултайыбызда эч кандай пикир же чакырык жасалган эмес. Ал жыйында саясат тууралуу кыпындай да сөз болгон эмес. Болгону элибиздин ынтымагы тууралуу сөз болгон. Туура, бир жылдан соң президенттик шайлоо өткөнү турат. Ал шайлоого бир топ талапкерлер катышаары турган иш.

Президент Атамбаев да кызматтан кетээрин айтып, күнүн санап отурат. Эгерде татыктуу улан-кыздарыбыз чыкса, арасынан чуркай турган күлүктү сүрөөнгө алып, колдогон жаман ишпи? Убагында Алмаз Атамбаевди деле ар кандай кыйынчылыктарга карабай, өзүбүздүн башыбызды канжыгага байлап коюп, сыноолордон өтүп, алдыга сүрөп чыкканбыз. Келээрки президенттик шайлоодо деле татыктуу талапкерди тандап, сүрөп чыксак жаман болбойт го?

– Менимче, сиз Сарыбагыш уруусун чогултуп, башын кошуп жатканыңызга караганда, анда ажолук жарышта бир эсе бир уурудан чыккан, анан калса жердеш иниңиз Канат Исаевди эле сүрөөнгө алат окшойсуз ээ?

– Канат Исаев жаштыгына карабай Токмок шаарынын мэри, килейген Чүй облусунун губернатору, кыргыз парламентинин эки чакырылышына депутат болуп шайланган энергиялуу, барган сайын эл арасында кадыр-баркы көтөрүлгөн тажрыйбалуу саясатчылардын катарына кошулуп калды. Баятан бери тыңдасам, биздин Сарыбагыш уруусу жөнүндө кеп кыласың да кайра-кайра эле.

Келээрки президент Сарыбагыш уруусунан чыгаарын мен эмес, белгилүү көзү ачык Мелис Карыбеков айтып чыкты го? Ырас, биздин уруунун байыртан бай тарыхы, басып өткөн жолу бар, бир катар көрүнүктүү инсандар, окумуштуу, тарыхчылар, эл башкарган мамлекет башчылары, хандар-бийлер чыккан көрүнүктүү жагы бар. Албетте, кыргыздын 40 уруусунун баарынын эле өзүнүн тарыхы, санжырасы бар да. Кыргыз элин ынтымакка, биримдикке алып келели десек, анда адеп дал ошол 40 уруунун башын кошушубуз керек. Кырк уруунун ынтымагы болмоюнча кыргыз элинин да ынтымагы болбойт.

Азыр дүйнөлүк элдердин деңгээлинде ар улуттун өзүн-өзү таануу, ордун табуу процесси болуп жатканы эч кимге жашыруун эмес. Ар урууга таандык адам саясатчыларга окшоп партиясын саткандай өз уруусун эч качан таштап баса бербейт.

– Тээ Акаев доорунан бери эле Чүй кланынан чыккан саясатчы, генералдарда «ИИМ тизгинин чүйлүктөр гана башкарышы керек» деген жердешчиликтин жазылбаган мыйзам дагы да күчүндө экендиги, буга чейинки министрлердин дээрлик басымдуу бөлүгү Чүйдөн чыккан кадрлардан тургандыгы, жакында министр болгон Кашкар Жунушалиев өкмөт курамында бир да Чүйдөн чыккан кадр жоктугунан улам жердешчиликтин жел аргысы менен кызматка келгендигин кыйытышууда. Анан калса, Бишкек ШИИББ кызматы министрликке кадрларды даярдай турган трамплинге айлангандыгы факт. Өзүңүз деле ошол кызматтан ИИМ тизгинин чойгонго канат күүлөп чыккандыгыңыз мисал болот да, туурабы?

– Чүйлүк туугандар канчалык жанталашып аракет кылсак дагы, жердешчиликке келгенде биринчи таластык туугандарыбызга, андан кийин түштүктүк туугандарыбызга жетпейбиз го? Жердешчиликке келгенде чүйлүктөр бир топ эле артта калганбыз (күлүп).

Буга дейре алакандай өлкөбүздү эки качкын президенттин үй-бүлөлүк кландары башкарып келсе, азыр партиялык-кландык система премьер-министрлик кызматтан айыл өкмөттөргө чейин постторду талашып-тартышып, бөлүп алышып, башкарып жатышат. Мындай көрүнүш парламенттик системанын көп жерлерин өзгөртүп, кайрадан кем-карчтарын толуктоого жол ачып, бийлик системасын элге иштетпесек болбойт го. Ал эми баштагы соболуңда, «ИИМ тизгинин жалаң эле чүйлүк генералдар башкарган» дегендей суроону кылтыйтпадыңбы?

Эми Кыргызстанда генералдар жалаң эле Чүйдөн чыккан эмес да, туурабы? Өлкөбүздүн баардык булуң-бурчтарынан чыккан генералдар, албетте, бизде көп. Алардын баары өз деңгээлдерине жараша элге, журтка кызмат кылышкан деп ойлойм. Буга чейинки министрлерден Ө.Суваналиев, Болот Шер, З.Рысалиев Таластан, М.Конгантиев менен О.Гуронов түштүктөн, Т.Айтбаев менен М.Турганбаев Нарындан чыккан генералдар экендигин билесиңер да. Анан кантип чүйлүктөр ИИМди минип алган болот?

– Ал эми Акаев убагынан берки ата-бала суталиновдор, Ф.Кулов, Ө.Кутуев, М.Абдылдаев, Т.Акматалиев, Б.Субанбеков, мына сиз, А.Суранчиев, К.Байболов, К.Жунушалиевге окшогон Чүй кланынан министр болгондорду кайда катабыз анда?

– Эми булар бири кетсе эле экинчиси артынан дароо министр болуп келишкен жок да. Ортолорунда башка региондун да өкүлдөрүнөн министр болгондору бар. Бул тууралуу айта берсе сөз узун. Азыркы жаңы министр Кашкар Жунушалиев, андан мурдагы министр Мелис Турганбаев да кезегинде менин кол алдымда иштеп кетишкен. Бишкек ШИИББ башчысы кезимде Мелис Турганбаев менин орун басарым, Кашкар Жунушалиев бөлүм башчы болуп иштешчү. Экөө тең ишке тыкан, кесипкөй, профессионал адистерден.

Мен буларды жакшы билем. Туура байкагансың, Бишкек ШИИББ башчысы кызмат орду акжолтой, жетекчилерди министрлик орунга даярдаган трамплин десек да болот. Бишкек ШИИББ жетектеп турган жетекчилердин көпчүлүгү дал ушул кызматтан ички иштер министри болуп кызматтык секирик жасап кетишкени факт. Бул тарыхыбызда деле далай ирет тастыкталган. Ошол эле генералдар Абдыбек Асанкулович Суталинов, Өмүрбек Кутуев, кезегинде мен да ушул кызматтан министрликке секирик жасап кеткем. Кийинкилерден Мелис Турганбаев, Зарыл Рысалиев, Кашкар Жунушалиев баштагандар министр болушту. Санай берсек, тизме дагы узун.

Бишкек ШИИББ кызматтык трамплин болгондугунун дагы себеби бар. Анткени, шаар эң чоң аймак болуп, миллиондон ашык эл жашайт. Оперативдик ал-абал шаарда абдан татаал. Ушундай жерде шаардык милицияны башкарган жигиттер абдан такшалып, тажрыйба күтүп, кызматтык бийик сыноолордон өтүшөт. Министрликке секирик жасап жаткандарынын бирден-бир себеби да ушундан.

– Кезегинде УКМКны да жетектебедиңиз беле? Бүгүн ошол айбаты катуу атайын кызматтын төрага орун басарлык кызматтарына өңчөй президент Атамбаевдин мурда-кийинки жансакчылары дайындалып жаткандыгы коомчулук ичинде ар түрдүү кептерге, ага удаа абдан жакшы колдоого да алынууда.

– Мамлекеттин келечегин аныктаган, тагдыр чеччү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти мыйзам боюнча президент өзү көзөмөлгө алып, андагы жетекчилик кызматтарга кадрдык дайындоолорду түздөн-түз өзүнүн буйругу менен дайындайт. Ушундай маанилүү кызматтарга өзү жакшы билген, өзү жакшы ишенген кадрларды дайындашы табигый эле көрүнүш.

Президенттин мурда-кийинки жансакчыларын төрага орун басарлыкка дайындашы ушундан улам го? Мен атайын кызматты жетектеп турганымда президенттин буйругу менен дайындалып жаткан мурдагы жансакчылары, азыркы төрага орун басарлары катардагы эле кызматкерлер болушчу. Андыктан, алардын ишке болгон кесипкөйлүгүн, профессионалдуулугун так айта албайм. Менин атайын кызматтан кеткениме деле 5 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта бир топ өзгөрүүлөр болду.

Азыркы коомчулуктун сынына кабылып жаткан жигиттер кесипкөйлүк жагынан тажрыйба алып, жетекчилик кызматтарга балким бышып-жетилип калышкандыр. Негизгиси, «жетекчи кадрларды ким колдоп алып келди» дегендик кылып эмес, ишине жараша баа берген туура болот. Азыркылардын ишине чыдап турсак, убакыттын агымына жараша күбө болоорбуз.

Булак: “Азия news”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *