Кечээ Аида Саляновадан ыдык көргөн коррупционерлер өч алыштыбы?

Экс-башкы прокурор Аида Салянованын камалышы бир ууч регионалист коррупционерлердин чырагына май тамызганын кантип жашырабыз? Убагында ошол уурулар мамлекетти талап-тоногону үчүн айыпталганы, аягында түрмөгө тыгылышып, бирок көп узабай кутулуп кетишкени өкүнүчтүү. «Коррупциянын символдору» өз баштары менен кетсин! Ал эми Аида Салянова «Вор в законе» Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгарылышына айыпталып, камакка алынды. Учурда ооруканада жүрөгүн дарылатууда. Эң кызыгы, коомчулукта Салянованын камалышы – кечээ андан ыдык көргөн коррупционерлердин өч алуусу, алардын таасири артканы катары бааланууда. Аида айым саясаттын курмандыгы болуп калганы эл ичинде айтыла баштады. Айтмакчы, азыр ооруканада дарыланып жаткан экс-башкы прокурор кайрадан №1 СИЗОго которулса, ал жактан кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү «сүйлөшүү» үчүн алакандарын ушалап отурушабы? Түнкүсүн темир эшиктер шарак-шурак эте ачылып, бука моюн, буура сандар кирип келишип, зыян кылып коюшпайбы? Бул өтө коркунучтуу суроо!

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *