Кечээ “Манас” аэропортунан чачташкан кыздардын айынан рейс кармалды

Кечээ, 7-ноябрда “Манас” аэропортунан мас болгон кыздар чачташа кетишип, рейстин кармалышына себеп болгон. Бул тууралуу 8-ноябрда буга күбө болгондор айтышты. Азыр аэропорттун басма сөз кызматы эбеп-себебин тактап жатат.

Учак Бишкек-Ыстамбул рейси менен учмак экен. Анан эле учактын ичинен эки мас кыз чачташа кетип, учак учалбай туруп калган. Натыйжада, рейс бир саатка кармалган. Ал эми чыр салган кыздар рейстен алынып, аэропорттун милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *