Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти: “Аскерден качпагыла, айланайындар!”

Азыркыдай аскердик кафедра деген түшкө кирбеген СССРдин убагында биздин агаларыбыз аскердик милдетин алыскы өлкөлөрдө өтөшкөн. Аларды ата-бабасы көрбөгөн жайларга алып барып, тил үйрөтүп, чыныгы мырза кылып тарбиялашчу эмес беле?! Алардын айткандары бүгүнкү күндө аңгеме, аңыз катары кабыл алынат, уккан кишиге.

—1969-жылы 10-классты бүтүп келип Филармониянын алдындагы студияда окуп калдым. 2-курс кезимде аскерге алып кетишти. «Кой-Таш» аскердик жайга алып барышты. 20 күндөн кийин поездке салып, алып кетишти. Кайда алып баратканын деле билбейбиз. Жүрүп олтуруп туптуура 40 күндөн кийин бир шаарга жеттик. Көрсө бизди Германияга алып барыптыр. Шагыраган бир поезд кыргыздан мен жалгыз ошол шаарга калып калдым. Чынын айтканда шарты абдан сонун болчу. Өтүгүбүздүн учу чийилип калса да алмаштырып беришчү. Көлөмү анделектей болгон картошкаларды терип иштечүбүз. Эртең менен барып көк кийимдерди кийип кетебиз, кечинде келип аскердик фор­ма кийебиз. Азыр эстесем ошол көк кийимдер кадимки жынсылар экен. 2 жылдык аскердик милдетти өтөп бүтүп үйүбүзгө жөнөп жатканда «дембель чемоданы» деп коюшат эле, ошол чемоданды толтурганга уруксат беришчү. Мени менен чогуу кызмат өтөгөн, азыр раматылык болуп кетти Саяк деген жигит бар эле. Ошол 3 шакек көтөрүп келиптир. Кадимки эле жакшынакай шакектер. Көрсө ал сары жука темир сыяктуу нерседен жасалып, атайын паста менен жуусаң укмуштай жалтырап чыгат экен. Биз чемоданды толтурабыз деп аларды алып барып немецтерге сатып жиберебиз. Ал үч күндөн кийин карайып чыгат да. Анан арызданып келишсе тааныгыла ким сатты деп бир ротаны алдына тизип берет. Кайсынысын таанымак эле. Ошентип жүрүп кызматыбызды бүтүп кеткенбиз. Азыр балдарды аскерден качпагыла, айланайын дегим келет. Аскер чыныгы адам болууга түрткү берет.

Булак: Де-Факто 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *