Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер: “Раззаковдун кызматтан кетүүсүнө Усубалиев эмес, Муканбет Исаев себепкер болгон…”

Эл алдында таза иштеген, бүткүл журтка жүзү жарык, учурда коомдогу окуяларга калыс пикирин айтып, кадыр күткөн аксакалдар саналуу. Алардын бири, чындыкты бурмалабай, жалтанбай айтып жүргөн Кемел Ашыралиевди Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы боюнча кепке тарттык. Арасында көп сөздөр козголуп кетти.

—Кемл Жакешович, коомдук жана мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленип, борбордо жана аймактарда иш-чаралар өткөрүлдү. Сиз аксакал катары Баткенте, Ошко, Нарынга, Көлгө барыпсыз, аймактарда кандай өттү?

—Ооба, мен бардык аймактардагы иш-чараларга катыштым. Рсспубликалык жана облустук илимий-теориялык конференцияларда Турдакун Усубалиевичтин Кыргызстанды башкарып турган мезгилиндеги болуп көрбөгөндөй өнөр жайдын, айыл чарбасынын, курулуштун, маданияттын тездик менен дүркүрөп өсүшүн, анын кадрларды туура тандаганын, таза иштегенин, карапайым адамдарга камкордугун, жекече бийик адамдык сапаттарын, кагаз менен иштөөдө эң жогорку сабаттуулугун, райондорго барганда тийип-качпай ошол өрөөндөгү көйгөйлөрдү конуп-түнөп, керек болсо жөө-жалаңдап толук өз көзү менен көрүп, изилдеп, анан аларды сөзсүз оң жагынан чечкендигин, кыскасы көсөмдүгүн, чыныгы улуу жетекчи болгондугун баса белгилеп жатышты. Негизи, Турдакун Усубалиев деген кыргыз тарыхында бүтпөгөн тема да.

—Уюштуруу иши купулуңузга толдубу?

—Бардык жерде коомчулуктун кеңири катмарлары катышты. Уюштуруу жогорку деңгээлде болду. Бардык аймактарда областтардын, шаарлардын, райондордун жетекчилеринин жоопкерчилиги сезилип турду.

—Жоопкерчиликтин бийик болгонун кандай чечмелейсиз?

—Менин баамдашымча, бул саясий иш-чара Президенттин түздөн-түз көзөмөлүндө болгонунда. Турдакун Усубалиев иш тажрыйбасы, эл үчүн жасаган ак эмгеги, бардыгыбызга үлгү, сабак болсун деген ою деп эсептейм. Эгер өлкөбүздүн биринчи лицосу анча көңүл бурбаса, бардык нерсе эптеп өттү болуп кала бермек. Президенттин дагы бир көрөңгөлүү кадамы – Султан Ибраимович менен Төрөбай Кулатовго Кыргыз Эл Баатыры наамдарын ыйгарганда көрүндү. Төрөбай Кулатов абабыз эч билими жок болсо да, далай жыл эл башкарган, Кудайдын батасы тийген киши да. Менимче мындай жакшы саясий чечимдер Казакстан жана кээ бир кошуна өлкөлөргө ыңгайлуу мисал болуп, «Кыргызстан көзү өткөн мыкты мамлекеттик жетекчилерин туура даңазалап, аттарын түбөлүккө калтырып жатат» деген пикирлерди жаратары бышык. Биздин президент бул маселелерде кыраакылык чечимдери менен утту.

—Мурунку ажого эмне үчун мындай акыл келбеди экен?

—Атамбаев аксакалдарды ардактамак турсун көрдөн алып жерге, жерден алып көргө ыргытып, «акшакалдар» дебедиби. Бакиевдин кан төгүүсүнөн кийин ушулардан көрө баланча-түкүнчө өлсө болмок деп кээ бир улгайган кишилердин аттарын атаган. Антип даректүү бир, эки кишиге таарынычын айта берсе болот. Ал эми жалпы кыргыз аксакалдарын «акшакалдар» дегени атанын баласына окшобогон абийирсиздик. Мына эми айткан сөз айланып жүрүп акыры өзүнө тийип, бармагын тиштеп отуруп калды.

—Президент Бишкектеги райондордун бирине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу демилгесин көтөрдү, бул колдоого арзыйбы?

—Бул абдан туура сунуш. Бирок муну комплекстүү чечиш керек. Дегеним, жалгыз Усубалиевдин ысымын берип калганын унутсак туура болбойт. Ал кишинин атын берүү менен бирдей барабар кылып Исхак Разаковичтин атын да бир районго ыйгарыш керек. Эгер туура түшүнсөк, Турдакун Усубалиевичти Исхак Разакович өстүрдү. Усубалиевдин Москвадан Кыргызстанга жиберилиши сөзсүз Исхак Разакович менен макулдашылган иш. 6 жылдан кийин Кыргызстан КПБКсынын 1-катчылыгына Усубалиевди сөзсүз дайындайбыз деген Хрущевдун оюнда болушу да мүмкүн эмес болчу. Хрущев ал кезде Сталиндик «культ-личности» менен кармашып, өзү жандалбастап турган мезгил болчу. Ал кишинин БК КПССтин аппаратынан республикалык гезиттин редактору болуп келиши анчалык деле чоң кызмат деп эсептөөгө болбойт. Анткени партиялык цензура деген болгон. БК эмнени бас, жаз десе редакция ошону аткарчу. Эгерде Исхак Разакович кандайдыр бир ичи тардык, кара өзгөйлүк кылып, кийин менин ордумду тартып алат деген ойдо болсо, ошол алгачкы жылдарда эле Усубалиевди ар кандай шылтоо менен саясий аренадан сүрүп салмак. Ал кезде Исхак Разакович Союздук республикалардагы күчтүү катчы катары эсептелинип турган. Тескерисинче, ага ак ниети менен камкордук көрүп бат эле өз аппаратына бөлүм башчы, анан эки жылдан кийин чечүүчү кызматка, Фрунзе шааркомунун 1-катчысына чейин көтөргөн. Разаков жетим өсүп, кыйын кезеңдерди башынан өткөрүп, түз жүрүп, жаман ойдон, ар кандай интриктерден алыс болгон. Ким билет, ошол кезде республикада Исхак Разаковичтен башка жетекчи болгондо Усубалиевдин саясий тагдыры кандай болмок?! Ошого байланыштуу эки залкардын тандеми дайыма бирдей бааланыш керек. Бардык жерде, биринин сүрөтү илинген жерде, экинчисинин да сүрөтү илинип турушу керек.

—Сиз жаш кезиңизден саясатка аралаштыңыз, тарыхты да жакшы билесиз, айтсаңыз, И.Разаковду катчылыктан кетиргендердин башында Т.Усубалиев болгон деген да сөздөр бар, мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

—Таптакыр чындыкка туура келбейт. Исхак Разаковичтин кызматтан козголушуна башка адам себепкер болгон. Ал мындайча болгон: Хрущев Америкага барып келгенден кийин, «Американы жакынкы жылдарда кууп жана өтүп кетебиз» деген лозунг жарыялаган. Москвада КПССтин бир плденумунда Ат-Башы районунун «Пограничник» колхозунун башкармасы Акунов Такен деген адам «Биз бир жылда эттин планын 2-2,5 эсе ашык аткарабыз»-деп сүйлөгөн. Хрущев трибунадан: «Көрдүңөрбү, молодец, ушундай бийик тоолуу, катаал шартта иштеп жаткандар бир жылда 2-2,5 эсе план беребиз деп жатса, калганыңар эмнеге бере албайсыңар»-деп күпүлдөгөн. Нарын обкомунун 1-катчысы Мукамбет Исаев бул куру кыйкырык, кургак ураанын бүтүндөй Нарын областына таркаткан. Анан Исхак Разакович областтын мыкты жетекчиси катары Мукамбет Исаевди Республиканын Ички иштер министри кылып дайындаган. Эл арасында экөөнүн бажалык тууганчылыгы болгону да айтылып жүргөн. Анткени Исаевдин аялы дагы татар улутунан болгон. Ошентип Исаев Фрунзеге көчкөндө Нарын областынын, анын райондорунун чоңдору кошоматчылыктан улам көрүнгөн жерге тайларын-койлорун союп, жол боюна дасторкондорун жайып, арак-шараптарды жайнатып, шишкебектерди жасашып, деги койчу, Балыкчыга чейин шаан-шөкөт менен бир күн кечке узатышат. Анын баарын обкомдун бюро мүчөсү, Муканбет Исаевдин тууганы, «Нарын Правдасынын» редактору Эралиев Темирбек жакшы ниет менен эле эстелик үчүн деп Ботоканов деген сүрөтчүсүнө тарттыра бергенн. Исаев Муканбет Обкомдун 1-катчысы болуп иштеп турганда областтык милициясынын башчылыгынан Майрыкеев деген адамды кызматтан алып койгон экен. Ошол Майрыкеев фото корреспондент Ботокановдон тиги арак-шарап ичип майрамдап жүргөн сүрөттөрдүн бирден көчүрмөсүн алдап-соолап, эптеп жолун таап чогултуп жүргөн болот. Анан бир күнү областта болгон эт боюнча «приписканы» жалган эсепти жазып, баягы узатуудагы арак-шарап ичилип, жилик мүлжүлүп жаткан сүрөттөрдү кошуп Москвага жөнөтөт. Борбордон текшерүү келип, кемчиликтер ачылып, Муканбет Исаев кызматтан алынат да, көп жылга соттолот. Архивди көтөрсөңөр, ошол жылы өткөн КПССтин январдагы пленумунда Хрущев Разаковду: «Сиз карышкырга кой кайтартып, «очковтиратель» обкомдун катчысын ИИМ башчысы кылгансыз, силер жалаң гана шашлык менен эт гана жейт экенсиңер»-деп жекирген жери бар эмеспи. Хрущевдин ушундай бүткүл Совет эли угуп турган ачуу сынынан кийин кайсы партиялык жетекчи ордунда кала алат?! Ошентип Кыскасы, Исхак Разаковдун кетишине кимдир бирөөлөр Турдакун Усубалиевди күнөөлөгөнү тарыхты билбегени, жөн эле тамтырагандык.

—Турдакун Усубалиевичке ар кандай эстеликтер коюлуптур, сизге жактыбы?

—Ооба, Чолпон-Атадагы эстелик чалкып жаткан Ысык-Көлгө, мелтиреген тереңдикке айкалышса, Нарындагы айкели тоого, бийиктикке бап келиптир. Көлдөгү эстеликти Кочкор коомунун атынан Марат Исаков, Нарындагы эстеликти Аскар Салымбеков жасатыптыр. Буларга чоң рахмат деп айткым келет. Ошко коюла турган эстеликтин орду да, шаардын чордонундагы жакшы жерге белгилениптир.

—Турдакун Усубалиев куугунтукта жүргөндө, андан кийин да тили тийгендер уялбай теледен чыгып, ж.б. трибуналардан мактап эле атты дейт, буга кандай дейсиз?

—Ооба, ошондой деле болуп жаткансыды. Ар кимдин абийири билет да. Менимче, мактардан мурун: «Мен убагында ар түрдүү жагдайларга ылайык туура эмес пикир айтып коюптурмун, элден же Турдакун Усубалиевичтин арбагынан кечирим сурайм»-деп, анан мактап кирсе болор беле дейм да. Деги саясаттын табияты ушундайбы, же саясатчылар өзгөрүп турабы…

—Сиз «Турдакун Усубалиевич кызматтан түшкөн кезде көп бардым, көңүл бурдум»-деп жүрөсүз, эмнелер жөнүндө сүйлөштүңүз эле?

—Ооба, ошондой болгон. Кыскасы, Турдакун Усубалиев кызматтан кеткенден кийин Москвадан келген «десанттар» Усубалиевди партиядан чыгарып эле тим болбостон, бир нерсе табылса түрмөгө отургузсак деген ойдо болгон. Ошол убакта кээ бир республиканын жетекчилерин, РСФСРдын областтарынын кээ бир «герой» болгон катчыларын түрмөгө камашкан. Ушундай учурда 70 жашка жакындап калган Усубалиевдин эркинин күчтүүлүгүн айтсак болот, ак жеринен тепкиленип, күнөөсүз күнөөлүү болуп, партия деп өмүр бою ураан чакырып, анын ана башы болуп, өмүрүн бүт партияга арнаган Кыргызстандын Ленинин өзүнүн уюмунан чыгарылышы өтө оор болгон. Мындайды башка киши көтөрө алмак эмес. Усубалиевдин эрдиги мына так ушунда. Ушундай оор кездерде аксакалга моралдык жардам керек болчу. Мен ал киши менен ошол мезгилдерде көп жолуктум. Областта болуп жаткан иш-чараларга такай чакырып, катыштырып турдум. Кочкор районунун коомчулугун чогултуп, Теңдик айылына Усубалиев атындагы айыл деген наам ыйгарып, аны айылдын эки жагына тең бажырайтып жаздырып, илдирип койдум. Аңгыча 1992-жылы мурдагы депутат министр болуп кетип Нарын районунан бир округ бошоп калды. Мени ошол кездеги президент Аскар Акаев чакырып: «Ал жакка кимди көргөзүп жатасыздар» деди. Мен Турдакун Усубалиевичти көргөзөбүз дедим. Акаев: «Ал киши Жогорку Кеңешке келсе, жөн жүрбөйт. Жаңы реформаны кабыл албайт. Жетет 25 жыл башкарганы» деп абдан каршы болду. Бул маселени ошол кездеги кочкордун 1-акими Алтымыш Шаршенбаев болуп Усубалиевдин үйүндө бир нече жолу талкууладык. Кыскасы, Акаевге кайра-кайра кирип атып, мен өзүм кепил болуп, эптеп Акаевди көндүрүп, ал кишинин талапкерлигин жалгыз коюп депутаттыкка өткөрдүк. Турдакун Усубалиев депутат болуп келгенден кийин, анча-мынча убакытка чейин тынч отурду да, анан алтын, Кумтөр маселесин көтөрүп чыкты. Чыңгышевдин чыры башталды. Ал премьерден кетти. Парламентте ызы-чуу болду. «Сиз жөн жүрбөйсүзбү»-деп кээ бир депутаттардын тили да тийди. «Мына мен айтпадым беле сизге»-деп Акаев экөөбүздүн ортобузда нааразылыктар башталды. Бул өзүнчө бир чоң тема. Бирок, бара-бара Акаев Турдакун Усубалиевичти боюна тартып, экөө тил табышып кетти. Биринин саясатын бири жактап калышты. Ошентип, Усубалиев Акаев кызматтан кеткиче эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Бул кашкайган чындыкты бурмалабашыбыз керек…

(Уландысы бар)

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *