Кемел Ашыралиев, коомдук ишмер: “Турдакун Усубалиев бүтүндөй бир доордун инсаны эле…”

Эл алдында таза иштеген, бүткүл журтка жүзү жарык, учурда коомдогу окуяларга калыс пикирин айтып, кадыр күткөн аксакалдар саналуу. Алардын бири, чындыкты бурмалабай, жалтанбай айтып жүргөн Кемел Ашыралиевди Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кепке тарттык. Арасында көп сөздөр козголуп кетти…

(Уландысы. Башы 15-ноябрда жарыяланган)

-Кемел Жакешович, ушундан улам бир суроо туулат, эбегейсиз чоң экономикалык потенциал Акаевдин кадрлары тарабынан таланып-тонолуп жаткан маалда Турдакун Усубалиев агабыз эмнеге үн катпай отурду экен? Ал киши менен эриш-аркак жүрүп ушул багытта эмне себептен үн катпай олтурганын биле алган жоксузбу?

— Бул абдан туура суроо. 1994-жылдын башында мен Панфилов районунун акими болуп бардым. Ал кезде Легендарлуу парламент тарай элек болчу. Легендарлуу парламенттин мүчөлөрү туруктуу иштечү эмеспиз. Сессияларда гана чогулуп маселе карачубуз. Парламент мүчөлөрүнүн жардамчысы да жок болчу. Депутат болгондугубуз үчүн акча да алчу эмеспиз. Ошол күндөрдүн биринде Турдакун Усубалиевич мага телефон чалып, «Мен Кайыңдыга барып кабелдик заводду көрөйүн дедим эле»-деди. Ошол завод жөнүндө Турдакун Усубалиевич киносунда «Союз учүн, Кыргызстан үчүн кандай маанилүү завод эле»-деп айтып жатпайбы. Мен Панфиловго барарым менен эле заводдун абалы менен таанышкам. Заводду көргөндө чачым тик турду. Эгемендүүлүктүн үч эле жылында завод иштебей калыптыр. Кымбат баалуу чоң-чоң станоктор ар кайсы кабатка чогултулуп, чоң трос зым менен оролуп, партия-партия кылынып Түркмөнстанга жөнөтүлүп жатыптыр. Мен бул ахвалды жогору жактагы премьер-министрлерден тартып бул эмне деп сурасам, «ал саясий чечим, сиз ага киришпеңиз»-деп койду. Турдакун Усубалиевич келди, ээрчитип алып заводго бардык. Казаченко деген өтө тажрыйбалуу, жашы өтүп калган деректири бар эле, Турдакун Усубалиев экөө аябай тааныш экен, кучакташып көрүштү. Казаченко атасын көргөндөй сүйүнүп, ыйлап жибере жаздады, Казаченко бүт болгон ишти төкпөй-чачпай көргөзүп айтып берди. Биз заводдо 2 сааттан көбүрөөк убакыт болдук. Турдакун Усубалиевич аябай капаланды, өкүнүчтө болду. Бул тууралуу ал кездеги премьер-министр Апаз Жумагуловичке барып түшүндүрөрүн, айтарын убада кылды. Билбейм, мага белгисиз, кийин Турдакун Усубалиевич менен Апаз Жумагуловичтин ортосунда кандай сөз болгону. Менин оюмча, ал кезде Акаевдей саясатчы жана Апас Жумагуловичтей реформатор жоктой сезилип турган кез болчу. Ошентип жогору жактын түздөн түз көрсөтмөсү менен кабелдик завод тонолуп кетти, Кайыңды кант заводу менчиктештирилди. Анын продукциялары менчик спирт заводдорго кетип жатты. Алар кимдин көзөмөлүндө экенин эл билет.

Ошентип баюулар башталды. Мага таң калыштуусу, ошол кезде бардык эле заводдор, айыл чарба комплекстери согуш мезгилиндегидей талкаланып, тонолуп жок болуп жатканда, жадакалса мындан ары кыргыз элинде балдар туулбай калчудай болуп, балдар бакчаларына чейин жок болуп, болор-болбос акчага менчикке кетип жаткан учурда Турдакун Усубалиевичтин чуу көтөрүп, үн катпаганы мага дагы ушуга чейин табышмак. Мына ушундай жапайы менчиктештирүүнү, Песак деген программаны ойлоп тапкан, бардык чакчелекейли өз колу менен жасаган «берендер» бүгүн болбогондой байып алып «мен эгемендүүлүктүн башында Кыргызстандын эң мыкты жетекчиси болгом, мени же тигини кыргыз элинин баатыры кылгыла»-деп кыйкырып турбайбы. Эй, эл-журт, муну кандай түшүнсөк болот. Ошол чындыкты айткан кишилерге уялбай кайра нааразы болушат.

—Турдакун Усубалиев өзү көтөргөн кадрдар жөнүндө, алардын кийин кылган мамилеси боюнча пикир алышты беле?

—Калык Акиевдин 110 жылдык юбилейинде биз Турдакун Усубалиевичти атайын чакырганбыз. Жумгалдын эли Турдакун Усубалиевичти улуу-кичүүсү дебей абдан жакшы кабыл алды. Кубанганданбы же аба ырайына, жер шартынын бийиктигине байланыштуу болдубу, айтор Турдакун Усубалиевич кан басымы көтөрүлүп, өзүн начар сезгенде, биз доктур чакыртууга мажбур болдук. Ошентип иш-чара бүткөндөн кийин Кыргызстандын атактуу Ленин атындагы колхоздун башкармасы Тенти Бокчиевдин үйүнө мейман кылып, кечинде Бишкекке кетпей жатып калуусун өтүндүк. Тенти акенин килейген чоң залына керилте төшөк салдырып, жанагындай өзүн жакшы сезбегендигине байланыштуу жалгыз койбой мен дагы жанына түнөөнү өтүндүм. Мен өзүмчө кудуңдап, Турдакун Усубалиевичтин жанында буга чейин бир да киши жатпаса керек деп ичимден сүйүндүм. Турдакун Усубалиевич креслого отуруп алып далайга чейин өзүнүн манерасында акырын жай маек куруп берди. Мен ал кишиден кандайча болуп КПСС БКнын аппаратына барып калганын, дегеле андан кийинки өмүрүндөгү болуп өткөн окуялар боюнча кызыгууларыма жооп берип, өзүнүн оюндагы айрым маселелер боюнча кеңири сүйлөп берди. Анын баарын айтканга убакыт жетпейт, муну мен кийин мемуар жазсам пайдаланышым мүмкүн. Кыскасы, Турдакун Усубалиевичтин КПСС БКнын аппаратына жаңыдан орношкондогу болуп көрбөгөндөй тырышчаактыгын, БКнын китепканасындагы макалаларды, ар түрүү адабияттарды, саясатчылардын съездерде, пленумдарда сүйлөгөн сөздөрүн, саясий аналитиктердин пикирлерин бүт казып, талдап чыкканы мени аябай таң калтырды. Ал киши СССРдин көп республикаларынын, областтарынын ошол кездеги чыгып турган саясий басмаларынын мазмундарын тескеп турчу экен. Менин бүгүнкү күнгө чейин эсимде, «басмалар прежде всего идейность, партийность, народность деген мазмунда болуш керек» деген сөзү. Кадрлар боюнча дагы кээ бирөөгө ыраазычылыгын, кээ бирөөлөрдүн бийликтен кеткенден кийинки кошоматчылык кылык-жоруктарын, аларды ак пейили менен кызматка көтөргөнүн, бирок алар аны актабаганын, кимдир бирөөлөрдүн ал кишинин дарегине туура эмес, жалган пикирлерди айтканын жай гана аларды өтө маскаралабай, маданияттуу сындап берди. Эртеси Турдакун Усубалиевич эс алсын деп мен ордуман акырын туруп кеттим. Турдакун Усубалиевич шашпай турду. Кочкорго чейин чогуу келип, мен Нарынды көздөй кеттим. Андан кийин мындай жакшы учур кайталанган жок.

—Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын да көпчүлүк башка сөздөргө анчейин көңүл бурбай, сиздин кошогуңуз жөнүндө сураптыр. Ал качан, кандайча жазылды эле?

—Турдакун Усубалиевичтин каза болгондугун мен эртең менен саат 9да уктум. Оюмда Турдакун Усубалиевичтин гени абдан күчтүү, ата-энесиндей 100дөн ашык жашайт го деп жүрчүмүн. Турдакун Усубалиевичтин бул дүйнөдөн кетиши бүтүндөй бир чоң доордун кулашындай, компартиянын биротоло жок болуп кетишиндей сезилди. Бир далай партиялык кадрларга Турдакун Усубалиевич жашап турушу компартия бардай сезилчү. Ата-бабадан калган илгерки салтка ылайык, кыргыздын улуу адамдары, хандары, бектери дүйнөдөн кайтканда чоң акындар, таланттуу чечендери кошок айткандары эсиме түшүп, эки саатта көңүлүмдө ар кандай ойлор пайда болуп, ошол кошокту жаздым. КТРге телефон чалып эч кимди таппадым, Би-Би-Сиге чалсам «келе калыңыз» деди. Комузумду көтөрүп барып, Кубат Чекировдун колдоосу менен жандуу үн аркылуу кошокту дискетке жаздырдым. К.Чекиров ошол замат аны соц. тармактарга таратты. Мен дискетти көтөрүп алып Н.Касиевич экөөбүз Турдакун Усубалиевичти узатып жаткан үйүнө бардык. Дискетти туугандарына тапшырып, кошокту элге угузууну өтүндүм. Бирок, ошол кезде Турдакун Усубалиевичти узатуу комиссиясынын башчысы, вице-премьер болгон бир сары кыз уруксат бердирбей коюптур. Мен ошол кезде жазылган кошок соц. тармактарга тарап кеткенден кийин, бир дагы сүйлөмүн, сөзүн кайра оңдоого мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Ошол убакытта кандай жазылса, ошол бойдон силердин газета көп убакыт өткөрбөй басып чыгарган.

Турдакун Усубалиевич келип, «Ай, тигиниң эмне качып кетти. Ушундай адаттан кыргыздар качан арылабыз»-деп айтты. Турдакун Усубалиевич ошол кездерде кандай гана ыкманы колдонуп болсо да, өзүн-өзү реабилитация кылып чоң саясатка келиши керек болчу. Мен болгонун болгондой көргөзүшүм керек болчу. Ал эми эки китептин авторлору дасыккан дипломаттар, саясатчылар, окумуштуулар, ойчул, чыгармачыл адамдар. Буга чейин дагы ушундай улуу инсандар жөнүндө тартынбай жазган тажрыйбалуу жазмакер адамдар. Эки китеп тең бири-бирин толуктап турат. Мындай китепти жазыш чоң эмгектенүү, көп түйшөлүүнү талап кылат. Архивдик материалдарды казууга туура келет. Турдакун Усубалиевичтин саясий ишмердүүлүгүн, анын жогорку адамдык парасатын, анын болуп көрбөгөндөй жөндөмдүүлүгүн, көрөгөчтүгүн, республиканын кызыкчылыгын көздөп, анын экономикасын, маданиятын тез арада жогору көтөрүш үчүн Москва ж.б. республикалар менен тил табышуудагы өтө кылдат ыкмасын абдан туура келтиришкен. Кыскасы, чыгармалар карандай чындыкты чагылдырган. Бул кийинки муундарга сабак болчу көркөм тарыхый чыгарма десек болот. Китептин авторлоруна рахмат айтып, мындан аркы чыгармачылыгына ийгилик каалаймын.

Маектешкен: Зулпукар Сапанов

Булак: “Де-факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *