Кеменгер кеп: Аялы күйөөсүн сабабайт, бирок айтканын кылдыртат

Муштум менен чындыкка жетпейсиң.

Үйдөгү уурудан сактаныш кыйын.

Көп уктаган киши жарыбайт.

Жакшылыкты айбан деле түшүнөт.

Жакшы атак чуркап келсе, жаман атак учуп келет.

Колуктуну көз менен эмес, кулак менен тандаш керек.

Аялыңдын себи менен байыбайсың.

Аялы күйөөсүн сабабайт, бирок айтканын кылдыртат.

Аялы аруу болсо, күйөөсү да түз жүрөт.

Темирди көндүрсө болот, бирок аялды көндүрүш кыйын.

Шайтан качан өлөт деп күтүп жүрөсүң, анын болсо ооруюн деген да ою жок.

Уулуңду аяганың – аны келесоо кылганың.

Ачууну жесең, таттууга да жетесиң.

Казаньга барам деп Рязанга барып калыптыр.

Көз жашың болсо, демек, уятың да бар экен.

Атасы балыкчы болсо, уулу да сууну тиктейт.

Бир күндүк жолго чыксаң бир жумалык азык ал, бир жумалык жолго чыксаң бир айлык азык ал.

Пирог жеп жатканда каткан нанды унутпа.

Канчалык ойлонсоң да нан менен туздан жакшы нерсени ойлоп таба албайсың.

Эртеңкиге наныңды калтыр, бирок ишинди калтырба.

Шайтан кекирейем деп асмандан кулап түшүптүр.

Күнөөнү жүрөк кылат да, азабын желке тартат.

Бирөөнү дарылайбыз дейбиз, өзүбүз болсо сыркообуз.

Кыз – ысык жаш.

Балдарды уруп жазалбай, уялтып жазала.

Балдар кичине кезде уктатышпайт, алар чоңойгон кезде өзүң эле уктабай каласың.

Караганда баары эле карайт, бирок, көргөндө баары эле көрө бербейт.

Карга деңиздин ары жагына барса деле карга бойдон эле кайтып келет.

Ууру түз жүргөн кишиге ишенбейт.

Карышкыр жүнүн өзгөртөт, бирок тишин өзгөртпөйт.

Суу дайыма өзүнө жол табат.

Өгүздү коноко чакырышса сыйлайын деп эмес, иштетейин деп чакырышат.

Күнөөлүүнү ок өзү табат.

Карышкыр ачка болгону үчүн козу күнөөлүү.

Күн кандай болгону кеч киргенде билинет.

Түрмө канчалык кенен болсо да анда жашаш кыйын.

Бактылуу кезде баары эле ырдай алат, кайгыга болсо сабырдуу киши гана чыдайт.

Өзүнүн уясында карга деле кузгундун көзүн чукуп салат.

Өз көлмөсүндө бака деле ырчы.

Жаш кезде күлкү болгон нерсе, картайган кезде күнөө.

Муштум түйүлгөндө манжанын баары теңелип калат.

Кыйшык көзгө түз нерсе да кыйшык болуп көрүнөт.

Тиш кармай албаганды эрин кармай алмак беле?

Көзгө көп деле кумдун кереги жок.

Мончодо шыпыргы кожоюн, меште көсөө кожоюн.

Бир жылда бир жолу чочкого деле майрам болот.

Чоң тартип чоң тартипсиздикке алып барат.

Сакал акылды алмаштыра албайт.

Байлык бар кезде курсагың ток болгону менен жандүйнөң ач болот.

Байдын тамагы таттуу, бирок уйкусу тынч эмес.

Байлык адамды өлүмдөн куткара албайт.

Байды “чалынып жыгылбасын” деп узатып чыгышса, жардыны “бирдекени көтөрө кетпесин” деп узатып чыгышат.

Оорулууга баардык нерсе ачуу болуп сезилет.

Оорулуу аял күйөөсүнө жакпайт.

Оорулууга алтын керебет деле жардам бере албайт.

Уйдун алдынан өткөндө, жылкынын артынан өткөндө сак бол.

Жаман бала атасы үчүн эрте казылган мүрзө.

Бирөөнүн баласы тентек болсо – күлкү, өзүңдүн балаң тентек болсо – кайгы.

Картайган кезде тиш мокоп, тил курчуйт.

Жашоо канчалык кыйын болбосун, өлгөн андан да кыйын.

Карышкыр менен канчалык дос болсоң да колуңда ташың болсун.

Бирөөнүн күйөөсүнө көз артканың – өзүңө ор казганың.

Жаңы ыр деле эскирет.

Жакшы иттен деле бүргө жугат.

Жылан деле өз баласын жебейт.

Карышкыр жардам берсе, чиркей деле жылкыны жыгып коюшу мүмкүн.

Жаркырап тийген күн деле баарына эле жага бербейт.

Түлкү деле өзүнүн ийининин алдында тынч жашайт.

Каз канчалык чоң болсо деле музоо басып чыгара албайт.

Келесоо тумак кийбесе деле келесоо, кийсе деле келесоо.

(Орус макалдары)

Даярдаган Мамат Сабыров

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *